Кариб деңизинин каракчылары: Таң калычтуу жээктерде

"Кариб деңизинин каракчылары: Таң калычтуу жээктерде" (англ. Pirates of the Caribbean: On Stranger Tides, орус. Пираты Карибского моря: На странных берегах) — 2011-жылы Америкада жарык көргөн эпикалык фантастикалык тасма жана "Кариб деңизинин каракчылары" сериясынын 4-бөлүмү. Бул сериядагы Гор Вербински режиссерлук кылбаган алгачкы тасма. Анын ордуна Роб Маршалл келген. Тасма Тим Пауерстин "Таң калычтуу жээктерде" романына үстүртөн негизделип тартылган. Карасакалга (Иэн Макшэйн) каршы Капитан Жэк Таранчы (Жонни Депп) менен Анжелика (Пенелопа Круз) биригип алышып, жаштык булагын чогуу издешет. Тасма Walt Disney Pictures компаниясы тарабынан тартылып, АКШда көрүүчүлөргө 2011-жылдын 20-майында сунушталган.

Тасма тартууда 2009-жылдагы Аватар фильмине колдонулган 3D камераларга окшош түзмөктөр пайдаланылган. Кинонун визуалдык эффекттерине он компания салым кошкон. Кинотасманын тартылышына өтө ашыкча каражат сарпталгандыктан ал учурда эң кымбат фильм болуп саналат.

"Таң калычтуу жээктерде" чыгаары менен көптөгөн кассалык жыйымдар боюнча рекорд койгон. Инфляцияны эсепке албаганда, жалпы жонунан эң көп киреше алып келген дүйнө жүзүндөгү кинотасмалардын ичинен 22-орунда турат. Киносынчылардын пикири бир беткей болгон эмес. Сценарий, режиссердук иш, өтө ашыкчалык жана оригиналдуулуктун жетишсиздиги боюнча сынга кабылса, актердук чеберчилик, окуялардын өнүгүшү, музыка, визуалдык эффекттер жана мөөнөтү (алгачкы эки тасмага караганда бир топ кыска) боюнча оң бааларды алган. Уландысы болгон "Маркумдар жомок айтпайт" 2017-жылдын 26-майында көрүүчүлөргө сунушталган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү