Кароол-Тоосу, Кароолдун тоосу —топоним. Эпос боюнча Алтайдан Ала-Тоого жаңы көчүп келген Манас баатыр кырк чоросу менен ууга чыккан тоо:

Кароолдунун тоосунан

КарыяБакай абасы

Көмүрдөй кара кулжадан

Көбүн атып салыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170),— деп баяндалып, ал тоо ошондон кийин Кара-Кулжа аталган имиш. Географиялык реалияда Алайкудагы жер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4