Карыпов Кубанычбек Асанкулович

Карыпов Кубанычбек Асанкулович – кыргыздын “Ветеринария” багытындагы заманбап окумуштуусу. Ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетине караштуу жаныбарлардын инфекциялык жана инвазиялык ылаңдары кафедрасынын башчысы.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Карыпов Кубанычбек Асанкулович 1972-жылы Чүй областынын Москва районуна таандык Ак-Торпок айылында туулган. Улуту – кыргыз.

  • 1990-жылы Москва районундагы Ленин атындагы орто мектепти күмүш медаль менен аяктаган.
  • 1996-жылы  Кыргыз агрардык академиясынын ветеринардык факультетин бүтүрүп, ветеринардык адистикке ээ болгон.
  • 1996-1999-жж. Кыргыз агрардык академиясында күндүзгү бөлүмдүн аспиранты.
  • 2000-2002-жж. Сокулук районундагы “Дружба” атындагы чарбада ветеринардык адис болуп эмгектенген.
  • 2003-ж. ветеринария илимдеринин кандидаты. Темасы: “Вопросы эпизоотологии и патоморфологии при копытной гнили коз”.
  • 2002-2005-жж.   К. И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин жаныбарлардын инфекциялык жана инвазиялык ылаңдары кафедрасында ага окутуучусу.
  • 2009-ж. доцент наамын алган.
  • 2005-2013-жылдары жаныбарлардын инфекциялык жана инвазиялык ылаңдары кафедрасында доценттик кызмат ордунда эмгектенди.
  • 2013-жылдан тарта К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетиндеги  жаныбарлардын инфекциялык жана инвазиялык ылаңдары кафедрасын жетектейт.

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат түзөтүү

үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Өзү беш бир тууган.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Кой-эчкилердин кара аксак ылаңынын эпизоотологиясын жана спецификалык профилактикасын изилдөө боюнча иш алып барат.

Негизги илимий-методикалык эмгектери түзөтүү

  1. Histopathologische Veränderungen an Klauen bei Moderhinke der Ziege// Berl. Münch. tierarztl.  wsch. – 1998. - Bd. 111. - № 10. – S. 403. (Mitarb.: Leist G., Gutberlet K., Rudolph R., Raimbekov D.).
  2. Копытная гниль коз // Методические рекомендации для студентов фак. вет. медицины и практич. вет. врачей. –Б., 2001. – 12 с.
  3. Методические указания по изучению инфекционных болезней птиц, пушных зверей, пчёл и рыб. – Бишкек, 2004. - 22 с. (авт.: Раимбеков Д.Р., Камарли А.П.).
  4. Правила отбора, консервирования и пересылки патологического материала для вирусологических исследований (мет. руководство). – Бишкек, 2009.        - 22 с.
  5. Жаныбарлардын кутурма ылаңын лаборатордук диагностикалоо боюнча усулдук көрсөтмө. – Б.: «Кут-Бер», 2014. – 12 б.
  6. Эпизоотологические особенности мыта лошадей в Чуйской области// Вестник КНАУ им. К. И. Скрябина. – Бишкек, 2016.  - № 2(38). - С.48-53. (авт.: Раимбеков Д. Р., Джетигенов Э. А., Арзиев К. А.).
  7. Мыт лошадей в Чуйской области Кыргызстана// Нука вчера, сегодня, завтра/ Сб. статей по материалам XLIV международной научно-практической конференции. – Новосибирск, 2017. - № 3 (37). – С.73-80.

Сыйлыктары жана наамдары:

  • 2009-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин,
  • 2013-жылы айыл-чарба Министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган.

Тажрыйба алуусу түзөтүү

Илимий тажрыбасын Берлиндин Эркин университетинде (1997-1999, 2006) жана Москванын К. И. Скрябин атындагы ветеринардык академиясында (2016) жогорулаткан.

Кошумча маалыматтар түзөтүү

Орус жана немец тилдеринде эркин сүйлөйт.