Кар сызыгынын деңгээли мөңгүлөр орун алган аймактын климаттык, ороклиматтык жана морфологиялык шарттарына жараша ар кандай бийиктикте жайгашат.

Фудзияма.

Кыргызстандын аймагында тараган мөңгүлөрдөгү кар сызыгынын температуралык режимдин жана жаан-чачындын түндүктөн түштүктү жана батыштан чыгышты карай өзгөргөндүгүнө байланыштуу ошол багыттарда акырындан бийиктөөсү байкалат. Мисалы, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында кар сызыгынын орточо бийиктиги — 3750 м, ал эми Түркстан кырка тоосунун түндүк капталында ошол эле шарттагы мөңгүлөрдөгү кар сызыгынын орточо деңгээли — 4140 м. Кар сызыктарынын ортосундагы 390 м айырмачылыкты кеңдик айырмачылыктын натыйжасында келип чыккан жайкы температуранын түштүктү карай өсүшүнөн деп эсептесек болот.

Кар сызыгынын батыштан чыгышка карай бийиктик абалынын өсүшүн Кыргызстандын аймагындагы аба массаларынын циркуляциясына байланыштырсак болот. Батыш жана түндүк-батыш жактагы кырка тоолордогу конденсация деңгээли ички региондордогу конденсация деңгээлдерине караганда төмөн. Улам ички жакка кирген сайын тоо кыркалары четки кырка тоолордон бийик болбосо жаан-чачын жетишээрлик түшпөйт жана мөнгүлөрдүн пайда болушу кыйын. Ошондуктан улам чыгышка барган сайын кар сызыгы бийик жайгашкан. Мисалы, Чаткал, Пскем, Талас Ала-Тоосу жана Кыргыз Ала-Тоосунда кар сызыгынын орточо деңгээли 3500—3800 м, ал эми Какшаал-Тоонун түндүк капталында кар сызыгынын деңгээли 4250 м. 690 м айырмачылыкты жаан-чачындын пайда болуу деңгээлинин эсебинен десек болот.

Кар сызыгы тоо капталдарынын күнөстүүлүгүнө (экспозиция) жараша да өзгөрөт. Мисалы Кыргыз Ала-Тоосунун Ала-Арча суусунун алабындагы түндүк жакты караган капталдарындагы мөңгүлөрдө кар сызыгы 3710—3720 м бийиктикте өтөт. Ошол эле аттуу, бирок Суусамыр жагындагы суунун алабындагы мөңгүлөрдө кар сызыгы 3960 м бийиктикте өтөт. 250 м айырмачылыкты күнөстүүлүктүн таасиринен деп койсок болот. Күнөстүүлүктүн натыйжасындагы кар сызыгынын айырмачылыктары Борбордук Тянь-Шанда 500—600 м, Чоң-Алай кырка тоосунда 600—800 м ге чейин жетет.

Кыргызстандын аймагында кар сызыгынын эң бийик абалы Чон-Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндө, Джанайдартака суусунун алабында байкалат. Мындагы дендрит тибиндеги ири Корженевский атындагы мөңгүдө кар сызыгы 5100 м бийиктикте, ал эми ошол эле мөңгүнүн чыгышты караган куймасында 5200 м бийиктикте өтөт. Түндүгүндөгү Алай кырка тоосунун түштүк капталындагы мөңгүлөрдө кар сызыгы 4250—4350 м бийиктикте жатат. Ал эми Чоң-Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы кар сызыгынын орточо бийиктиги 4350 м. Мында, күнөстүүлүккө туура келген айырмачылык, жаан-чачындын түшкөн айырмачылыгы менен жоюлуп кеткен. Алай кырка тоосунда Чоң-Алай кырка тоосуна караганда жаан-чачын эки эсе көп түшөт (700—800 мм жана 350—430 мм).

Ички региондордо кээде башка факторлордун таасири астында да кар сызыгынын өйдө-ылдый өзгөрүшү байкалат. Мисалы, Ысык-Көлдүн нымдуулукка тийгизген таасири астында Тескей Ала-Тоосунун кар сызыгы 3650—3750 м ге чейин, ал эми Сары-Жаз кырка тоосунуң түндүк капталында 3900 м ге чейин төмөндөйт. Сары-Жаздагы кар сызыгынын мынчалык деңгээлде болушу Тескей Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүнүн абсолюттук бийиктигинин 3500—3600 м ден аышагандыгында. Көлдүн өрөөнүнөн каныккан нымдуу аба аны ашып, Сары-Жаз кырка тоосунун түндүк капталдарына барып нымды таштайт. Фергана кырка тоосунун нымдуу аба массаларынын жолунда туурасынан орун алышы, мындагы кар сызыгынын Алай кырка тоосундагыга караганда 150—200 м төмөн өтүшүнө себеп. Борбордук Тянь-Шандын ири мөңгүлөрүндөгү кар сызыгынын деңгээли 4200—4450 м. Жергиликтүү мөңгүлөрдөгү кар сызыгынын термелүүсү тилмеленүүнүн даражасына жана тереңдигине байланыштуу. Кээ бир мөңгүлөрдөгү кар сызыгы бийик капталдардын өрөөндүн таманына өткөн жеринде жайгашат. Тик капталдын капчыгайдын таманына өткөн бийиктиги кайсы деңгээлде болсо кар сызыгы ошол деңгээлде болот. Мисалы, Пскем кырка тоосундагы Ой-Кайың суусунун алабындагы бир мөңгүдө кар сызыгы 3250 м бийиктикте өтөт, ал эми бул өрөөндөгү кар сызыгынын орточо бийиктиги 3600 м, Борбордук Тянь-Шандагы Нансен атындагы мөңгүнүн кар сызыгы 3650 м, жанындагы Эңгилчек мөңгүсүнүн кар сызыгы 4200 м.

Болжол менен кар сызыгынын бийиктигин мөңгүлөрдүн этегинин бийиктиги кайталайт. Мөңгүлөрдүн бүткөн этеги да кар сызыгы сыяктуу жаан-чачын менен жакшы камсыз болгон четки кырка тоолордо төмөн, ал эми ички региондордо жогору жайгашкан. Бирдей өлчөмдөгү мөңгүлөрдө Чаткал же Кыргыз Ала-Тоосунун капталдарында 3200—3300 м ге чейин түшсө, Какшаал-Тоосунун түндүк капталында 4000 м де бүтөт. Мөңгүлөрдүн этегинин бийиктик абалына кар сызыгынан башка да бир катар физико-географиялык факторлор таасирин тийгизет. Мисалы терең тилмеленген кууш капчыгайлар менен мөңгү 2900 м бийиктикке чейин төмөндөшү мүмкүн (Нансен мөңгүсү), ал эми жанаша жаткан жайык капталдарда мөңгүлөрдүн этеги 500—600 м ге жогору жатат. Эреже катары өзгөчө мөңгүлөрдүн этегинин үстү морена катмарына басылып турса ири өрөөн мөңгүлөрүнүн этеги эң төмөн түшүп турат. Мисалы, Борбордук Тянь-Шандагы Энгилчек мөңгүсүнүн моренанын калың катмары каптаган этеги эң төмөн түшүп турат. Мисалы, Борбордук Тянь-Шандагы Эңгилчек мөңгүсүнүн моренанын калың катмары каптаган этеги 2900 м бийиктикке чейин жетип турат. Эгерде ал мөңгү куралган бийик капталдардын абсолюттук бийиктиги 7000 м жеткенин эске алсак, ал мөнгүнүн бийиктик диапазону 4000 м ден ашык экендиги көрүнөт. Жанаша өрөөндөрдөгү Семёнов (Кашка-Төр), Мушкетов (Адыр-Төр) жана Кайыңды мөңгүлөрү 3270 м ден 3440 м ге чейинки бийиктиктерде бүтөт. Бул айырмачылык Эңгилчек мөңгүсүнүн этегин калың морена катмары каптаганга байланыштуу.

Какшаал-Тоосундагы ири дендрит тибиндеги мөңгүлөрдүн этеги 3800-3900 м бийиктикте жайгашкан. Мындай бийик жайгашуулардын себептерин— кар сызыгынын бийик абалы жана өрөөндөрдүн тилмеленүүсүнүн аз даражасы.