Фужи тоосу

Фудзияма‎»‎ барагынан багытталды)

Фужи тоосу (жап. 富士山 Fujisan ) — Жапониянын Хоншю аралындагы аракеттеги жанар тоо, Токиодон 90 км түштүк-батыш тарапта.

Фужи тоосу.

Жапониянын эң бийик жери (бийиктиги 3776 м). Базальт жана андезит лаваларынан куралган. Кратеринин диаметри 700 мден ашык, тереңдиги 100 м келген туура конус. Капталдарында токой, бадалдар, вереск өсүмдүктөрү өсөт. Жогорку бөлүгүндө 10 ай бою кар жатат.

Акыркы жолу 1707-08-ж. атылган. Фужи тоосу - япондуктардын «ыйык тоосу», буддалардын жана синтоисттердин зыяратка келүүчү жайы. Анын аймагында 1936-ж. Фужи-Хаконе-Изу улуттук паркы (аянты 122,3 миң га) уюштурулган. Туризм (жылына 200 миң киши) өнүккөн. Учурда синтоисттик храмдын (сёгундар 1609-ж. храмга белек кылып бергендиги тууралуу документинин түп нускасынын негизинде) жеке менчиги.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Калып:Volcano-stub Калып:Mountain-stub Калып:JP-geo-stub