Касан-Сай кениОш обл-нын Ала-Бука р-нундагы сурьма рудасы чыккан жер. Касан-Сай кыш-нын туш.-чыгышын¬да, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталындагы Касан-Сай суусунун сол өйүзүндө.

1935-ж. табылып, 1940—60-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен айма-гын протерозой заманынын аягында пайда болгон аки таш теги менен сланеңтер тузот. Руда негизинен алардын кошул¬ган жеринде, кээде аки таш тегинин ара- сындагы брекчия кабаттарында кезигет. Руда кабатча түрүндө барит, кварң, кальңит, антимонит, сфалерит ж. б. сейрек кездешүүчү минералдардан турат. Брекчия кремнийлешкен тоо тек сынык- тарынан түзүлүп, алар кварң жана антимонит, кээде барит, кальңит менен ңементтелген. Руда тулкуларынын уз. 50—100 жге созулуп, калыңд. 1,6—2,8 жге жетет.

Кен герңин металлогениялык доордо гидротермден пайда болгон.