Катар-Жаңгак (Базар-Коргон району, Кызыл-Үңкүр айыл аймагы)
Катар-Жаңгак — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Кызыл-Үнкүр айыл аймагына кирет.
Айыл | |
Катар-Жаңгак | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Жалал-Абад облусу |
If: |
Базар-коргон району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
«Катар-Жаңгак (Базар-Коргон району, Талды-Булак айыл аймагы)» менен адаштырбаңыз.
«Кызыл-Үңкүр» токой чарбасынын аймагында, Кара-Үңкүр суусунун оң жээгиндеги жапайы жаңгак-жемиш токоюнун арасында, деңиз деңгээлинен 1080 м бийиктикте жайгашкан. Райондун административдик борбору — Базар-Коргон айылынан 62 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 95 км аралыгында. Кыштакка жакын балдар эс алуучу жайлар – «Медик», «Алтын-Булак» лагерлери, «Кара-Булак» турбазасы жайгашкан.
Тарых түзөтүү
Кыштак 1932-жылы негизделген.
Калк түзөтүү
Калкы — 986 киши (2009-жылы)[1]. Негизинен токойчулукта жана аарычылыкта эмгектенет.
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9