Катунь
Катунь – Алтай Республикасы менен Алтай крайы аркылуу аккан дарыя. Бий суусу менен кошулуп, Обь дарыясын түзөт. Узундугу 688 км, алабынын аянты 60,9 миң км2. Белуха чокусунун Түштүк капталындагы Катунь мөңгүсүнөн башталат. Ортоңку агымында кенен өрөөн аркылуу салааланып агат; төмөн жагында салыштырмалуу кууш өрөөн аркылуу агып, айрым жерлеринин жазылыгы 4 кмге жетет; чатына 70 км жетпей түздүккө чыгат. Мөңгү жана кар сууларынан куралат. Суусунун жылдык Орточо чыгымы Сростка кыштагы тушта 629 м3/сек. Башатында декабрдан, төмөнкү агымында ноябрдын аягынан апрелдин 1-жарымына чейин муз каптайт. Ири куймалары: Аргут, Чүй (оң), Кокса, Сема (сол). Чатынан 75 км аралыкка чейин кеме каттайт. Сал агызылат. Алабынын жогорку бөлүгүндө Катунь коругу уюшулган. Өрөөнү аркылуу Чүй тракты (Бийск шаарынан Россия – Моңголия чек арасына чейин созулган автомобиль жолу) өтөт. «Катунь» топоними байыркы түрк тилинде – «дарыя» деген маанини билдирет.
Katun.jpg
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 688 км |
бассейндин аянты | 60 900 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Орусия |
ОМСР | 13010100312115100003045 |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9