Катыраң тоосу
Катыраң тоосу — Фергана ойдуңунун түштүгүндө. Чыгышында Охна-Тамаша ойдуңу, батышында Бели-Сынык тоосу, Кара-Токой–Айдаркен ойдуңу жана Фергана ойдуңунун адырлары жатат. Кадамжай районунун аймагында. Узундугу 44 км, эң жазы жери 8 км, Орточо бийиктиги 3000 м, эң бийик жери 3375 м (Катыраң чокусу). Палеозой заманында пайда болгон акиташ тегинен, тоо этектери неогендин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Тоонун Түндүк бөлүгүнөн байыркы муз каптоонун издери байкалат. Ландшафты бийиктик боюнча өзгөрөт. Капталдарында талаа жана шалбаалуу талаа, токой, альп жана субальп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Жайыт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы. Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2