Белисынык, тоо - Түштүк Теңир-Тоодо, Фергана өрөөнүнүн түштүгүндө. Кожобакырган суусунун чыгышында дого сымал кеңдик багытта 26 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 11 км. Орточо бийиктиги 1100– 1300 м, эң бийик жери 1571 м. Кыры тайпак, Кожобакырган өрөөнү тарабынын батыш капталы тик жана кыска, түндүк жана түштүк беттери Фергана жана Ташрабат өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Палеоген жана неогендин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, алевролит жана башкалар тектеринен турат. Тоого чөл, жарым чөл, кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Капталдарына кайрак эгин айдалат; чабынды жана жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү