Кафирниган
Кафирниган – Тажик Республикасындагы дарыя, Аму-Дарыянын оң куймасы. Узундугу 387 км, алабынын аянты 11,6 миң км2.
Кафирниган
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 387 км |
бассейндин аянты | 11 600 км² |
Суу агымы | |
Аягы | Аму-Дарыя |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Тажикстан |
Ал Ысар кырка тоосунан башталып, Ысар өрөөнү жана анын түштүк-батышындагы тоолор аркылуу агат.
Орточо чыгымы 156 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Вахдат (мурдагы Жаңы-Базар, Орджоникидзе-Абад) шаары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9