Кебез-Тоотопоним. Кыргыздар, анын ичинде Төштүктүн эли мекендеген жер.

Кебез-Тоону жердеген,

Келберсиген эр деген.

Чалкуйругун байлаган,

Чабышка колун майлаган,

Эр сырттаны Эр Төштүк (Саякбай Каралаев, 2. 81),— деп сүрөттөлөт. Кытайдын башкы каны Эсенкан бала Манастын дайынын, жердеген айылын билүү максатында атайын аттандырган тыңчы-соодагерлеринин чалгын чалуу багытында эпикалык К. Т-нун аты эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 157). Жарен дарыясынын чөлкөмүндө, Таш-Коргондон нары түштүктө жайгашкан тоо. Топоним азыркы карталарда кезикбейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4