Кедрлүү өрөөн коругуПриморье крайында, Амур булуңунун батыш жээгинде. Аянты 179 км2.

Кедрлүү өрөөн коругу.
Кедрлүү өрөөн коругу.

1916-жылы уникалдуу токой массивин коргоо максатында корукча катары уюшулган. 1934-жылдан СССР Илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш филиалына өткөн; учурда Россиянын Илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш мекемеси; 1964-жылдан Биология-топурак институтунун курамында. 2004-жылы ЮНЕСКОнун биосфералык резерват статусун алган. Кедрлүү суусунун алабында Чыгыш-Манжур тоолорунун капталынан (бийиктиги 700 м) орун алган. Табияты кооз, аскалуу, кууш кырка тоолор, шаңшаар сымал өрөөндөр, шаркыратмалар мүнөздүү. Коруктун 70%и ийне-жазы жалбырактуу жана жазы жалбырактуу токой. Токой аянтынын 10%ке жакынын көк карагай ээлейт. Ал реликт каралжын же бүтүн жалбырактуу көк карагай, моңгол эмени, ак чечек, зараң, кайың жана башкалардан турат. ошондой эле аян карагайы, корей кедринен турган көк карагай-жазы жалбырактуу токойдун чакан массивдери кездешет. Коруктун аймагында эңилчектин 80ден, мамык чөптүн 140тан, түтүктүү өсүмдүктүн 860тан, ошондой эле калпактуу козу карындын 640тан ашык түрү бар. РСФСРдин Кызыл китебине өсүмдүктөрдүн 11, сүт эмүүчүлөрдүн 50, канаттуулардын 200гө жакыны анын ичинде күкүктүн 5, тоңкулдактын 7, жерде-сууда жашоочулардын 8, сойлоочулардын 8 түрү киргизилген. Ал эми Россиянын Кызыл китебине – амур жолборсу, кабылан, уссурия чаар бугусу, кара жору, кабырчыктуу арам өрдөк, япон эчки маарагы, карчыгалуу жаман сары жана башка кирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү