Келин (телесериал)
Келин (англ. Balika Vadhu, хинди बालिका वधू) - Кыргызчага которгондо (Жаш жар,Жаш келин)- деген маанини түшүндүрөт.1992-жылы повесть болуп жазылган чыгармадан сериалдын сценарийи алынган. Чыгарманы жазган жазуучу Парнендру Ражастханда туулуп, өз көзү менен мындай тагдырларды көргөндөн улам сериал реалдуулукка жакын.Кийин продюсер Санжай Вадха менен чогуу экрандаштырат. Сериал 2008-жылдын 21-июлунда «Колорс» телеканалынан старт алган. Башында мынчалык узак болушун эч ким божомолдогон эмес. Кийин элдин кызыгуусунан улам сценарий жазылып, узарып жүрүп отурган. Учурда Индияда 20дан ашык сыйлыкка ээ болгон, эчен жылдап созулган биринчи тасма. 2008-2009-жылдары «Мыкты драмалык сериал», «Мыкты сценарий» сыйлыктарын алса, 2008-жылы Анандинин кичине кезин ойногон актриса Авика Гор «Эӊ мыкты драмалык актриса» сыйлыгын утуп алган.
Келин
| |
англ. Balika Vadhu / хинди बालिका वधू | |
Жанр | |
---|---|
Формат |
720p (SDTV) |
Жараткан |
Парнендру Шекхар |
Түзгөн |
Парнендру Шекхар |
Ролдордо |
Авика Гор |
Мамлекет | |
Түпнуска тили | |
Сезондордун саны |
2 |
Сериялардын саны |
2196 Серия (06.05.16) |
Өндүрүш | |
Аткаруучу продюсер |
Закир Шейх |
Режиссёр |
Сидхарт Сенгупта |
Сценарий |
Парнендру Шекхар |
Хронометраж |
20 мүнөт |
Студия |
Sphere Origins |
Трансляция | |
Телеканал | |
Экрандарда |
21 Июль 2008 |
Статус |
Учурда берилүүдө |
Шилтемелер | |
IMDb |
Жаралуу тарыхы
түзөтүүЭрте жашынан никелешүү индустарга мусулманчылык менен чогуу барган делинет. 21-кылым болгонуна карабай Индиянын Ражастхан, Мадия-Прадеш, Бихар деген жерлеринде кыздарды эрте турмушка узатуу дагы деле уланууда. Индияда кыздар 18 жашында турмушка чыгып, балдар 21 жашында үйлөнүүсү керек деген мыйзам бар. Мамлекетке 150 евро айып пул төлөп, 2 жылдык эркиндиктен айрылуу коркунучунда турганына карабай эрте никеге тургандар бар. Анткени айып пулдан да, мыйзамдан да качып кутула турган жагдай бар, алар жашы жеткенде гана каттоого турушат. Индияда кыздарды «бөтөн байлык» деп коюшат. Ата-эне кыз баланы багып отурбай, эрте турмушка берип салып кутулгулары келсе, күйөө тарап кызды акысыз күӊ катары жумшоого кызыгышат. Сериал мына ушул көйгөйдү коомчулукка алып чыгат.
Мазмуну
түзөтүү1 сезону
түзөтүүКичине Ананди 8 жашында турмушка чыгып, келин аталат. Күйөөсү Жагдиш теӊ чамалаш куракта. Андан да жаманы – Анандинин чоӊ кайненеси Каляни бечараны кууратып катаал болот. Ата-энесин сагынып, башына чоӊ түйшүк түшкөн Ананди канчалык кыйноого туш болсо да, тагдырына көнөт. Жылдар өтүп Жагдиш экөө чоӊоюп, ортолорунда ысык махабат пайда болот. Ананди сабырдуу, күйөөсүнө күйүмдүү, акылдуу келин эле. Жагдиш чоӊойгондо окуп жүрүп Гаури аттуу кызды жактырып калып, Ананди менен ажырашат. Күйөөсүнүн көп кылыгына чыдап күткөнү менен, Жагдиш Гаури менен никеге турат. Ал аны менен эле чектелип калбай, бир топ сулууга азгырылат. Ал учурда бой жетип, сулуу келинге айланган Анандини Шив аттуу жигит жактырып калат. Шив мүнөзү, сүйүүсү менен Анандинин жүрөгүнөн Жагдишти сүрүп чыгарат. Жагдиш катачылык кетиргенин билип кайрылганы менен, Ананди ал учурда Шивти жактырып калган эле. Эчен тоскоолдуктар менен коштолгон тагдыр акыры биригип, Ананди менен Шив турмуш курушат. Бактылуу жашап, Ананди кош бойлуу болгон учурда Шив каза болот. Бактыга жараша, эгиз балалуу болуп, аларга Шивам жана Нанди деген ысымдар ыйгарылат. Анандинин тагдыры кайталанып, Нандини бирөөлөр уурдап кетип эрте турмушка берип коюшат.
2 сезону
түзөтүүОкуя муну менен эле бүтпөйт. Учурда сериалдын уландысы тартылууда. Андыктан «Келиндин» аягы эмне менен бүтөрү али эч кимге белгисиз.
Сезондор
түзөтүүСезондор | No. Сериялдардын саны | Биринчи берүүлөр (Индия) | ||
---|---|---|---|---|
Сериянын премьерасы | Сериянын финалы | |||
1 | 2165 | 21 июль 2008 | 22 Апрель 2016 | |
2 | 30+ | 25 апрель 2016 | азыркы учурда |
Башкы каармандар
түзөтүү- Авика Гор – (кичине Ананди)
1997-жылы Мумбайда туулган. Авиканын «визиттик карточкасы» – Анандинин ролу. Долбоордон кеткенинен бери канча убакыт өтсө да, эл аны Ананди катары тааныйт. Ролу тууралуу Авика мындай дейт:
«Мен башында 80 гана серияга катышмакмын, бирок эл аябай менин аткаруума кызыккан үчүн 515 серияда роль ойнодум. Бул менин карьерамдагы жетишкендик деп билем».
Учурда Авика окуудан сырткары сууда сүзүү менен машыгып, фильмдерде роль жаратып келет.
«Сериалды тартуу иштери окуума терс таасирин тийгизген жок. Анткени дайыма сабактан кийин тартылчумун. Мектепте теӊтуштарым мага «жаш келин» деген ат коюп алышкан. Бул ат мени 9-классты бүткүчөктү ээрчип жүрдү. Бир ролго байланып калгым келбейт, алдыда эл билбеген башка таланттарымды ачкым келет. Анткени актриса ар тараптуу болуш керек»
- Пратюша Банержи – (бой жеткен Ананди)
Пратюша 1991-жылы Бихар шаарында туулган. Актриса, модель жана бийчи. Авика сыяктуу эле аны Анандинин ролу таанымал кылган. Анын тасмадан капысынан кетүүсүнө апасынын катуу ооруга кабылышы себеп болгон. Бардыгын таштап, апасынын жанында болгон актрисаны тартуучу топ да, көрүүчүлөр да туура түшүнүшкөн.(актериса тилекке каршы 2016 жылдын 1 апрелинде каза болгон)
- Тораль Распутра – (орто жаштардагы Ананди)
Актриса 1987-жылы туулган. Анандинин ролуна чейин модель жана актриса катары таанылган. Актриса Анандинин эне болгонун, токтоолугун, акылдуулугун жана сабырдуулугун мыкты ачып берген.
- Авинаш Мукержи – (кичине Жагдиш)
Актёр 1997-жылы төрөлгөн. Атасы Дев Мукержи телеканалдарда иштеп, бир топ сериалдарга да тартылган. Жагдиштин ролун аткарууда 12 жеткинчектин ичинен тандалып алынган Авинаш кийин «Жаӊы талант» сыйлыгына ээ болгон.
- Шашанк Вьяс – (бой жеткен Жагдиш)
Кичине Авинаштын ордун баскан Шашанк элдин жүрөгүнөн орун ала алган. Бул анын чоӊ ролу. Актёр жеӊил мүнөз жигиттин ролун ойногону менен, жашоодо өтө оор басырыктуу адам экенин айтат.
- Сиддхартх Шукла – (Шив)
Шив – мачонун ролун ойногон актёр 1980-жылы туулган. Ал актёр жана модель катары белгилүү. Сериалда оӊ каармандын ролун жараткан Сиддхартхты жашоодо чыргоо жигит дешет. Ал көп кылыктары менен тартуучу топко ыӊгайсыздык түзгөнү айтылып келет.
Рольдордо
түзөтүү- Авика Гор - Кичинекей Ананди Жагдиш Сингх
- Авинаш Мукхрежи - Кичинекей Жагдиш Бейрон Сингх
- Пратюша Банержи - Ананди Шиврадж Шекхар
- Срити Джха - Жагдиш Сингх
- Арджум Фаруки - Гаури Джагдиш Сингх
- Ануп Сони - Бейрон Дарамвир Сингх
- Смита Бансал - Сумитра Бейрон Сингх
- Неха Марда - Гена Васант Сингх
- Кушмит Гил - Амол Шиврадж Шекхар
- Абишек Тевари - Маи Ануп Шекхар
- Вибха Ананд/Джавни Чеда - Сугна Шам Сингх
- Викрант Масей/Сачин Шроф - Шам Мадан Сингх
- Амар Шарма - Мадан Сингх
- Асмита Шарма - Рада Мадан Сингх
- Четания Адиб - Казан Сингх
- Байрави Райчура - Багвати Казан Сингх
- Рахенда Гупта - Маавир Сингх
- Фарида Джалал - Всундхара Деви
- Джехангир Вакил - Пратап
- Пурендру Шекхар/Мамта Чатуриа - Пули Барат Сингх
- Дигангана Сариаваши/Нидхи Джха - Гули
- Фарназ Шетти - Канчан
- Ниведита Бхатачария - Шивани Раджадхиакша
- Семал Бхат - Лал Сингх
- Чандреш Сингх - Ратан Сингх
- Санджай Батра - Хаит Сингх
- Неха Госайн - Аша Абишек Сингх
- Динеш Сони - Нату Лал
- Мохит Аброл - Анудж
- Рийна Агарвал - Аршима
- Паврита Саркар - Балачандар
- Садия Суддикуй - Сандия
- Сакши Танвар - Типри
Эл аралык көрсөтүү
түзөтүүӨлкөлөр | Телеканал | Которулган тили | Чет элдик аталышы | Котормосу |
---|---|---|---|---|
Индия | Колорс | Хинди, Англисче | Balika Vadhu / बालिकाव | Жаш жар, - Жаш келин |
Кыргызстан | КТРК | Кыргызча | Келин | Келин |
Хорватия | Doma TV | Хорватча | Мala nevjesta | Жаш келин |
Болгария | Nova TV | Болграча | Малката булка | Жаш келин |
Румыния | TV National | Румынча | Mica Mireasa | Жаш келин |
Сербия | RTV Pink | Серби | Мала невеста | Жаш келин |
Түндүк Македония | Sitel TV | Македончо | Малечката невеста | Жаш келин |
Монтенегро | Pink M | Черногорчо | Mala nevjesta | Жаш келин |
Индонезия | ANTV[1] | Индонезче | Anandhi | Ананди |
Казакстан | Казакстан тв | Казакча[2] | Келін | Келин |
Эскертүүлөр
түзөтүү- ↑ 'Anandhi', Serial Terpanjang di India Segera Tayang di ANTV. Iyaa.com (3 March 2016). Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2016.
- ↑ Келін (келин) индийский сериал 2014, все серии, последняя серия, үнді киносы қазақша тілде көру соңғы серия. Текшерилген күнү 6 Апрель 2016.
Шилтемелер
түзөтүү- Ырасмый сайты Archived 2012-11-06 at the Wayback Machine Archived 2012-11-06 at the Wayback Machine
- Келин (телесериал) Internet Movie Database корунун желеконушунда