Кемин
Кемин (мурда Бөрүбай, Коёнду, Быстровка аталган; 1992-жылдан Кемин) — Кыргызстандын Чүй облусунун Кемин районундагы шаар.
Шаар
Кемин
|
Чүй дарыясынын сол өйүзүндө, Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы автомобиль жана темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Токмок шаарынан 35 км чыгыш тарапта. Кыштак катары 1912-жылы пайда болгон. 1954-жылдан шаарча. 2012-жылы шаар статусуна ээ болгон. Калкы 8,2 миң (2009). Темир жол станциясы жайгашкан. Шаарда «КЭТЗ», «Линолеум», «Кемин-Нан» АКлары, «Нефть жана газ» биргелешкен ишканасы, ошондой эле айыл чарба азыктарын белендөөчү, эл керектөөчү буюмдарды чыгаруучу чакан өнөр жай ишканалары иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 3 орто жана музыкалык мектеп, бала бакча, бейтапкана, оорукана, 6 дарыкана, 3 мончо, 2 китепкана, 2 маданият үйү, кинотеатр, мейманкана жана башка бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк врачтар тобу, санитардык-эпидемиологиялык станция, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кафе, ресторан, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго жана Шабдан баатырга эстелик тургузулган.
Калкы
түзөтүүКалкы ― 8169 киши (2009-жылы)[1].
1959[2] | 1970[3] | 1979[4] | 1989[5] | 1999[1] | 2009[1] |
---|---|---|---|---|---|
7198 | 10 302 | 12 204 | 13 937 | 11 401 | 8169 |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 1.2 Перепись населения Киргизии 2009. Чуйская область. Текшерилген күнү 22 -ноябрь (жетинин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Перепись-1959
- ↑ Перепись-1970
- ↑ Перепись-1979
- ↑ Перепись-1989