Кемин-Челек тоо тоомуИле Ала-Тоосу менен Күнгөй Ала-Тоонун ашташкан жеринде. Кыргызстан менен Казакстандын чегинде. Дээрлик кеңдик багытында созулуп жаткан кырка тоолорду Талгар тоо массивинин батышынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен кыска (13 кмге жакын) жана бийик (Конституция чокусу, 4580 м) тоо туташтырып турат. Кемин-Челек тоо тоому – Түндүк Теңир-Тоонун эң бийик (Талгар чокусу, 4973 м) жери жана ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой менен палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүлгөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектоникалык көтөрүлүүнүн натыйжасында калыптанган. Көтөрүлүү процесси азыр да уланууда. Бийик тоолуу альп рельефи мүнөздүү. Түрдүү формадагы бийик тоо чокуларынан, капталдары тик кырлардан, байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн, туюк төрлөрдөн жана башка турат. Капталдарында үбөлөнүү жана гравитациялык процесстер өтө катуу болгон. Эң ири муз каптоо мезгилинде Чоң Кемин жана Челек өрөөндөрүнүн башында зор мөңгүлөр (узундугу 30 кмге жеткен) жаткан. Азыркы ири мөңгүлөрү: Корженевский (узундугу 12 км), Богатырь (8 км), Жаңырык (7,8 км, Челек тарабында), Ак-Суу (6 км), Талгар (3,5 км, Чоң Кемин тарабында). Субальп, альп шалбаасы жана гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү