Кемпир-Тоо - Алайкуу кырка тоосунун меридиан багыттай жаткан бир тармагы. Терек-Тоо менен Тар ойдуңунун аралыгында 30 мдей созулат. Орточо бийиктиги 3900 л, эң бийик жери 5600 л. Түндүктөн түштүккө карай бийиктейт. Тар ойдуңунда бор, палеоген мезгилдеринин кызыл түстүү конгломераттарынан турган аскалар (Торгой, Курбу, Чоң-Дөбө, Байкулу, Чоң-Үңкүр), түштүк бөлүгүндө акиташ теги, сланең, гранит тектеринен турган тик капталдуу тоолор (Кемпир, Ат-Жайлоо, Муз-Тоо жана башка) мүнөздүү. Түндүк-чыгыш капталы тик, түштүк-батышы жантайыңкы. Байыркы муз каптоонун издери (тайпак жондор, тео карындуу чуңкурлар жана башка) кездешет. Түштүк бөлүгү мөңгүлүү (Муз-Тоо, Ат- Жайлоо жана башка).

Түндүк-чыгыш капталына токойлуу талаа (2600—2800 л), шалбаа (2800—3900 л), карагай токою (2600—3200 л), түштүк-батышына талаа (2600—3000 л), токой (2800—3200 л), шалбаа (3000—3900 л) жана кар мөңгүлүү ландшафт алкактары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү