Кененсариев Ташманбет (Ташин Кененсариев); 1949-жылы 5-сентябрда Жалал-Абад дубаны, Аксы ооданы, Кара-Суу айылы) туулган -- 2021-жылы 2-июлда Бишкек шаарында каза болгон) – тарых илиминин доктору (1998), профессор (1999). 2019-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин ал "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын манас таануу бөлүмүнүн башчысы болду. Ал эми 2014-2019-жылдары Кыргызстандын борбору Бишкектеги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору болуп иштеген. Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхы, Кыргызстандын Орусияга каратылышы, Кокон хандыгынын тарыхы боюнча адистердин бири. Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилдерден ушул күнгө чейинки актуалдуу маселелери, санжыралар, түрк элдеринин дүйнө цивилизациясындагы орду, Манас баатырдын тарыхый чындыгы сыяктуу илимий маселелер боюнча изилдөөлөрү бар.

Туулган жылы:

5-сентябрь, 1949-жыл

Туулган жери:

Аксы району, Кара-Суу айылы

Каза болгон жылы:

2-июль, 2021-жыл

Каза болгон жери:

Бишкек шаары

Өлкө:

кыргыз

Илимий чөйрөсү:

тарыхчы, кыргызтаануучу

Иштеген жери:

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын манас таануу бөлүмү

Илимий даражасы:

тарых илимдеринин доктору

Илимий наамы:

профессор

Альма-матер:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети

Илимий жетекчиси:

профессор Кушбек Үсөнбаев (1928--1999); ага чейин профессор Нина Степановна Киняпина (1920––2003)

Белгилүү окуучулары:

Жээнбек Алымбаев, Эрнис Авазов, Таалай Жаркынбаев, Бакытбек Ураимов

Сыйлыктары


КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер; "Даңк" медалы

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

1949-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ош (азыркы Жалал-Абад) облусунун Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районунун Кара-Суу кыштагында туулган.

Атасы - Кененсары Дүйшөбай уулу Сатыбалды небереси (Аксыдагы саруу уруусунун чүкө уругунан).

Энеси - Тоюн Нияз кызы (Аксынын саруу уруусунун кашкатаман уругунан).

Кара-Суу кыштагында Кара-Суу кыштагындагы Абдыкалык сегиз жылдык мектебинде окуп, аны 1964-жылы аяктаган.

1968-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайында окуп, аны ийгиликтүү аяктаган.

1968-70-жылдары Советтик Армиянын катарында Ыраакы Чыгышта кызмат өтөгөн.

1970-73-жылдары Аксынын Кара-Суу кыштагындагы Абдыкалык сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп иштеген.

1973-78-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетинде окуган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз Улуттук Университети, КУУ) Тарых факультетин (1978) аяктаган.

1978-жылы. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинде окутуучу болуп иштеген.

1979-жылы СССРдин борбору Москва шаарындагы М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) Тарых факультетинде бир жылдык илимий стажировкада болгон.

1980-83-жылдары Москва мамлекеттик университетинин Тарых факультетинде күндүзгү аспирантурада окуган.

Илимий жетекчиси - профессор Нина Степановна Киняпина болгон. Иликтеген темасы: "Экономическая политика царского правительства в Киргизии в конце XIX - начале XX вв." ("XIX кылымдын акырындагы - XX кылымдын башындагы падышалык өкмөттүн Кыргызстандагы экономикалык саясаты").

1984-жылы 18-майда ММУда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1984-85-жылдары Бишкек шаарында Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы КУУнун) тарых факультетинде окутуучу болуп иштеген.
1985–2006-жылдары Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, тарых, укук таануу факультетинин деканы, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, 1-проректор кызматтарын аркалаган.

1998-жылы 9-апрелде Бишкекте КР УИАсынын Тарых институтунда тарых илимдеринин доктору наамын алуу үчүн илимий диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Темасы: "Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий өнүгүүсү". Илимий насаатчысы - КР УИАсынын мүчө-кабарчысы, профессор Кушбек Үсөнбаев.

1999-жылы Ош шаарындагы ОшМУнун профессору окумуштуулук наамын алган.

2006-2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун милдетин аткаруучу.

2007-2008-жылдары Бишкек шаарындагы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия Славян университетинин тышкы байланыштар боюнча проректору.

2008-2010-жылдары - Жалал-Абат шаарындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин ректору болгон.

2012-жылдын февралынан тартып 2013-жылдын соңуна чейин - Бишкектеги Дипломатиялык академиянын Биринчи проректору болуп иштеди.

2014-жылдан тартып 2019-жылдын июлуна чейин ал Кыргызстандын борбору Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору болуп иштеди. Башка да бир катар университеттерде дарстар окуп келет.

Профессор Т.Кененсариев 2019-жылдын августунан тартып Бишкектеги «"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын» [1] манас таануу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келет.

Профессор Т.Кененсариев 2021-жылы 2-июлда Бишкек шаарында жүрөк оорусунун айынан каза болгон. [2]

Анын өлүмүнө байланыштуу расмий некролог 2021-жылы 3-июлда жарыяланган. [3]

Маркумдун сөөгү 2021-жылы 4-июлда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Илимий жана коомдук ишмердиги түзөтүү

 
Т.Кененсариев, Б.Ураимов жана К.Пайзылдаев "Википедия" семинарында. Чолпон-Ата. 07.12.2012.


Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхы, Кыргызстандын Орусияга каратылышы, Кокон хандыгынын тарыхы боюнча адистердин бири.

Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилден ушул күнгө чейинки актуалдуу маселелери, санжыралар, түрк элдеринин дүйнө цивилизациясындагы орду, Манас баатырдын тарыхый чындыгы сыяктуу илимий маселелер боюнча изилдөөлөрү бар.

Кененсариев Ташманбет Кыргызстан Орусияга ыктыярдуу эмес басып алуу жолу менен каратылгандыгын, XIX кылымдын орто ченинен XX кылымдын биринчи чейрегине чейин Кыргызстан Орусиянын колониясы болгондугун, 1873-76-жылдардагы элдик кыймыл, 1898-жылкы Анжыян-кыргыз көтөрүлүшү кыргыз элинин азаттык кыймылдарынын бараандуу барактары экендигин, Кокон хандыгы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн бир түрү (формасы) катары кыргыз тарыхынын айрылгыс бөлүгү экендигин, Улуу Көч мезгилинде түрк элдери биздин эрага чейинки 1-миң жылдыктын экинчи жарымынан биздин эранын XV кылымына чейин дүйнөлүк цивилизацияга чоң салым кошкондугун, түрк жана түркө-монгол элдеринин тарыхый тажрыйбасы Евразия континентинин саясий, аскерий, руханий өнүгүүсүнө, мамлекеттик түзүлүшүнө зор таасир эткендигин далилдеген авторлордун бири.

Ташманбет Кененсариевдин бардык илимий эмгектери 300дөн ашуун. Анын «Кыргызстандын Орусияга каратылышы», «Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий өнүгүүсү», «Кокон хандыгы жана кыргыздар», «Искак Асан уулу Полотхан», «Алымкул аталык», «Культурогенез кыргызского народа», «Экономическая политика царского правительства в Кыргызстане во 2-й половине XIX-начале XX вв.», «Менин мамлекетим, Моя страна, My State» жана башка монографиялары, Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу колдонмолору кыргыз, орус, өзбек, кытай, иран тилдеринде жарык көргөн.

Т.Кененсариевдин өзүнүн илимий мектеби калыптанган.

Анда Кыргызстандын тарыхынын актуалдуу маселелерин изилдеп жатышкан 20дан ашуун докторанттар, аспиранттар жана изденүүчүлөр бар.

2012-жылдын 11-февралында "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин уюштуруу жыйынына катышып, КТКнын Башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Маркум профессор Т.Кененсариевдин артында жубайы, филология илимдеринин кандидаты Ашырайым Акматова, кыздары Гүлмира, Аида жана Бермет, неберелери калды.

Маркумдун уулу 13 жашында чарчап калган.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министрлигинин Грамотасы (1999).

«Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси (1999),

«Борбордук Азия Элдик академиясынын академиги (2000),

Улуу Британияда (Кембридж) жайгашкан Эл аралык биографиялык Борбор ыйгарган «2005-жылдын Эң мыкты педагогу» деген наамдын лауреаты (2005).

«Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери" (2008).

"Даңк" медалынын ээси (2016). [4]

Эмгектеринин чакан тизмеси түзөтүү

  • Кененсариев, Ташманбет. Кыргызстан оторчулук доорунда: (1855–1917). – Бишкек: MaxPrint, 2019. – 760 бет. – ISBN 978-9967-9169-7-5.
  • Кененсариев Т. Кыргызстан в составе России//История Кыргызстана с древнейших времен до конца Х1Х в. Учебник для вузов. —Б.: Фонд «Сорос-Кыргызстан»,1995. 10 глава. — С.277-316.
  • Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Б., 1997.
  • Кененсариев Т. Кокон хандыгы жана кыргыздар. - Ош, 1997.
  • Кененсариев Т. Исхак Асан уулу Полот хан. - Бишкек, 1997.
  • Кененсариев Т. Киргизистон Россия таркибида // Киргизистон тарихи. Кадимги замонлардан ХIХ аср интихосигоча. Учебник. — Б.,Фонд «Сорос-Кыргызстан»,1997.10 боб. — 277-314-бб.
  • Кененсариев Т. Кыргызстандын эң байыркы мезгилден ХIХ кылымдын соңуна чейинки тарыхы.//Жог.окуу жайл.үчүн окуу китеби. - Б.: Сорос—Фонду,1998.10-бап. — 259-295-бб.
  • Кененсариев Т., Авазов Э. Үй-бүлө жана социалдык иштер.// Окуу-усулдук колдонмо-маалыматтама. — Ош, 1998.
  • Кененсариев Т. Алымкул аталык. - Ош, 1999.
  • Кененсариев Т. Менин мамлекетим, Моя страна, My State. - Ош, 2002.
  • Kenensariev T. The Kyrgyz and Kokand Khanate (Кыргыздар жана Кокон хандыгы англис тилинде). - Ош,2000.
  • Kenensariev T. The Kyrgyz and Kokand Khanate (Translated by: Alireza Khodagholipour (Кыргыздар жана Кокон хандыгы) фарси тилинде, араб ариби менен. — Tehran, 2002.
  • Кененсариев Т. башка авторлор менен бирдикте. Горная царица Курманжан и ее время. - Бишкек, 2002.
  • Кененсариев Т. башка авторлор менен бирдикте. Tsarina of the moutains, Kurmanjan, and her times (англис тилинде). - Bishkek, 2002.
  • Кененсариев Т. башка авторлор менен бирдикте. Тоолук каныша Курманжан датка жана анын доору. (кытай тилинде, которгон кытай окумуштуусу).-Пекин, 2005.
  • Кененсариев Т., Авазов Э. Анжиян көтөрүлүшү жана кыргыздар. - Ош, 2002.
  • Кененсариев Т., Жаркынбаев Т. Азия өлкөлөрү боюнча кыскача маалыматнаама:// Окуу-усулдук колдонмо.-Ош,2003.
  • Кененсариев Т. Кыргызстан в древнейший и древний периоды (с древнейших времен до VI века)1.1 гл.//Стратегическая матрица Кыргызстана: ретроспектива, современность и сценарии будущего развития.// Институт экономических стратегий – Центральная Азия.–Москва-Алматы, 2007. - сс.4-26.
  • Кененсариев Т. Кыргызстан в VI – XVIII веках.1.2 глава монографии.//Стратегическая матрица Кыргызстана: ретроспектива, современность и сценарии будущего развития.// Институт экономических стратегий – Центральная Азия.–Москва-Алматы, 2007 - сс. 27-69.
  • Кененсариев Т. Кыргызстан в XVIII – начале XIX века.1.3 глава монографии. //Стратегическая матрица Кыргызстана: ретроспектива, современность и сценарии будущего развития.// Институт экономических стратегий – Центральная Азия.–Москва-Алматы, 2007. - сс.70-103.
  • Кененсариев Т. Экономическая политика царского правительства в Кыргызстане во 2-й половине XIX - начала XX вв.-Бишкек, 2009.
  • Кененсариев Т. Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий өнүгүүсү. -Бишкек, 2009.
  • Кененсариев Т. Менин мамлекетим. Моя страна. May state. – Бишкек, 2009.
  • Кененсариев Т. Авазов Э., Ураимов Б. XIX к. аягы XX к. башындагы Көгарт өрөөнүндөгү азаттык кыймылдарынан… -Жалал-Абад, 2009.
  • Кененсариев Т. Культурогенез Кыргызстана: Теория.Исторический опыт. -Бишкек, 2010.
  • Кененсариев Т. Кокон хандыгынын тарыхынан...//Кыргыздар.14 томдук.-7-том.-Б.,2011.-338-449-бб.
  • Кененсариев Т. Кыргызстан Орусиянын колониясы. //Кыргыздар.14 томдук.-7-том.-Б.,2011.-450-564-бб.
  • Кененсариев Т. Феномен Курманжан датки... //Курманжан датка выдающийся политический и общественный деятель кыргызского народа.//Материалы международной научной конференции 25 октября 2011 г. - Б.,2011.-69-91-бб.
  • Кененсариев Т. Манас жана тарыхый чындык. 8 макала.//Akipress.org.Баракелде. Тарых жана мурас. 2012.

жана башка монографиялар,окуулуктар, жыйнактар, энциклопедиялар, ММКдагы, Интернет ресурстарындагы илимий макалалар

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чоротегин Т. Илимдеги жаркын чыйыр: Кыргызстандык көрүнүктүү тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйын тууралуу // «Водийнома»: (Тарихий мерос): Ижтимоий-тарихий, илмий ва оммабоп журнал. -- Андижон, 2019. -- №3 (14). -- Б. 99--104.
  • “Манасты” дүйнөгө даңазалагандар: Биринчи чыгарылыш: В.В.Радлов, Ч.Ч.Валиханов / Текстке баш сөзүн жазган жана илимий анализ берген топтун мүчөлөрү: Т.Кененсариев, Ч.Субакожоева, А.Алымбаев (Байас Турал), Г.Нусубалиева; башкы ред. Т.Тургуналиев, жооптуу ред. Т.Кененсариев. – Бишкек: Maxprint, 2021. – 800 б. – ISBN 978-9967-9328-8-3. – “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясы.
  • (жеткиликсиз шилтеме) Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызской энциклопедии, 1997.
  • Асанов У.А.,Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах./Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызской энциклопедии, - Бишкек, 2002.
  • Кененсариев Ташманбет жөнүндө маалымат.//Кыргыз тарыхы. Энциклопедия.-Б.,2003.
  • Абдрахманов К.Т., Керимов К.К. Кененсариев Ташманбет.Окумуштуу жөнүндө сөз //Кыргыз мамлекетинин кыскача тарыхы жана тарыхчы илимпоздор. - Бишкек, 2003.
  • Биобиблиографиялык маалымат (60 жылдык мааракеге карата). КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, т.и.д., проф. Ташманбет Кененсариев жөнүндө. - Жалал-Абад, 2009.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_manas-study_and_aitmatov-study_academy_tch_blog_ky/30220790.html
  2. https://www.azattyk.org/a/taryhchy_tashmanbet-kenensarievdi_eskerueue_03-07-21_chorotegin_ky/31339094.html
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 6 -июль (теке) 2021. Түп булактан архивделген күнү 9 -июль (теке) 2021.
  4. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 7 -сентябрь (аяк оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 12 -август (баш оона) 2022.