Керме тоо

1) Керме тоо орографиялык термин ж-а топоним. Созулуп жаткан узун тоо кыркасы. Кыргызстандагы тоолорго мүнөздүү жалпы ат; Теңир-Тоо, Алатоо, Тянь-Шань тоо системасы деген оронимдердин синоними.

2) Түштүк Кыргызстандагы жапыз тоо.

Араван ж-а Акбуура сууларынын аралыгындагы майда «жетим» тоолордун (Ош тоолору) түш.-батыш четин түзөт. Уз. 10–11 км. Деңиз деңг. бийикт. 850–900 мден 1500 мге чейин. Бийик түш.-чыгышы Кекиликтоо (чокусу 1486 м), андан ары Кызкууду аталып, аягы батышта Араван кышна чейин созулуп, жапыз Мазартоо (Тешиктоо) м-н бүтөт. Негизинен девондун сланец, аки таш тектеринен түзүлгөн. Тоо беттери өсүмдүктөргө жарды, жылаңач, аскалуу. Каксоо эфемердүү чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү, жылга коктуларында майда бадалдар өсөт. жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2