Кетмен-Төбө туз кени, Шамшыкал туз кен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Токтогул шаарчасынан 26 км чыгышта, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, Нарын дарыясынын оң өйүзүндөгү Шамшыкал бөксө тоосунда, деңиз деңгээлинен 1100–1287 м бийиктикте. Кенди жергиликтүү эл илгертен пайдаланган.

1932-ж. алгачкы геол. жумуштар жүргүзүлгөн. Геол. чалгындоо иштери 1959–60, 1972 жана 1994-жылдары жүргүзүлгөн. Кен аймагын миоцендин ариддик климат шартында пайда болгон чопо, алевролит, мергель, кумдук ж. б. чөкмө тектери түзөт. Алардын арасында гипс менен туздун линза сымал кабаттары жатат. Туздун 34 кабаты табылган. Ар биринин калыңдыгы 1,5 мден 7 – 10 мге чейин, узундугу 3–4 км. Туздун курамында: галит 60–95%, глауберит 3,0–5%, тенардит 6–8% жана астраканит 0,3%. Галит ири, орто жана майда кристаллдуу; түсү ак, агыш боз, чанда тунук (шамшыкал). Туз кабаттары чопо менен аралашкан. Туз малга тоютка жарамдуу. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 5606 миң т, С2–27 миң т. 1996-жылга карата туздун запасы А+В+С1– 5591 миң т, С2–2–27 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү