Кеңеш (Ысык-Ата району)

Кеңеш, Ысык-Ата району‎»‎ барагынан багытталды)

Кеңеш, Ысык-Ата району, Октябрь – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кочкорбаев айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 736 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 10 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 7235 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал жана алектенет. Орто жана негизги мектеп, 2 китепкана, маданият үйү бар. Ушул кыштакта туулган Социалисттик Эмгектин Баатыры Ы. Кочкорбаевге эстелик тургузулуп, музей уюштурулган.

Отурукташкан жай
Кеңеш
Район Кыргызстан
Координаттар 42°53′53″ с. ш. 74°56′54″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 7235 адамды (2007)
Сандык идентификаторлор
Кеңеш (Ысык-Ата району) (Кыргызстан)

Колдонулган адабияттар

түзөтүү