Кең-Арал чопо кениТалас облусунун Бакай-Ата районунда, Кең-Арал кыштагынан 1 км түштүк тарапта, Талас суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 990 м бийикте. 1976-ж. табылган. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөкмө тектер түзөт. Пайдалуу катмар бозомтук түстөгү кумайлуу чоподон турат. Калыңдыгы 1,5–14 м. Жалпы аянты 6 гага жакын. Гранулометриялык курамы: 5 мм - 0,72–1,3%, 5–1 мм – 0,5–1 ,02%, 1–0,5 мм - 0,53–1,41%, 0,5–0,25 мм –1,79–1,59%, 0,25–0,01 мм - 53,43–48,84%, 0,01–0,005 мм - 11,79–11,8%, 0,005 ммден майдасы 29,09–34,12%. Ийилгичтиги 5,4–5,55%, суу сиңиримдүүлүгү 19,2–22,3%. Кумайлуу чопо «75», «100» маркасындагы кыш даярдоого жарайт. Запасы В+С категориясы боюнча 378 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү