Кидик така тумшуктуу жарганат

Кидик така тумшуктуу жарганат (лат. Rhinolophus hipposideros, Bechstein, 1800): жарганаттын Кыргызстанда жашаган жери Алай тоосунун этеги.

Кидик така тумшуктуу жарганат.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Бул аз санда болсо дагы Борбордук Азияда кенен таралаган жаныбарлардан болуп эсептелет. Т. т. к. ж. Туркменстанда, Өзбекстанда, Казахстанда жана Таджикстанда жолугат. Жашаган жайлары терең, караңгы үңкүрлөр, булар түнкүсүн демилгелүү келишет. Абада учуп жүрүшкөн омурткасыз жаныбарлар менен азыктанат. Бир жылда бир жолу туушат, төлүндө бирден балдары болот. Эң бир чанда жолуга турган түр, ошондуктан така тумшук кидик жарганат 1975-ж. корукка алынып Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине киргизилген.

Жашаган аймактары түзөтүү

Үңкүрлөрдүн жогорку камералары түп жагы деңиз деңгээлинин 2500 м ге чейинки бийиктиктеги орточо бийик тоолордогу жана тоо этектериндеги шахталар.

Саны түзөтүү

1962-1964-жылдары Ош шаарынын чет жакасында эки үңкүрдөн 86 жана 73 така тумшук кичи жарганаттар табылган, алардын колониясын туристтер талкалап кетишкен . Азыркы учурдагы маалымат жок. Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары). Көбөйүшүнүн биологиясы изилденген эмес. Белгилүү болгондой, жай мезгилинде, т.а. 20-июнда Тажикстанда балдары чоңдорунун теңинен келишкен, ал эми августтун башында өз алдынча азыктанышкан. Жайында азыктануу активдүүлүгү 21 саатка жакын башталат, ар бир 40-45 мүнөт сайын. Күн баткандан тартып күн чыкканга чейин 35-45 мүнөт калганда бүтөт.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Үнкүрлөрдү талкалоо, көптөгөн туристтер жана эс алуучулар менен байланышкан тынчын алуу факторунун болушу, чөйрөнүн гербицид, пестициддер менен булганышы.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

1985-жылдан тартып бул түр Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Ошондой эле Тажикстан жана Түркмөнстандын Кызыл китебине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Көбөйүү мезгилинде жарганаттар жашаган үңкүрлөргө барууну токтотуу же чектөө, кидик така тумшук жашоочу үңкүрлөргө барууга толук тыйуу салып, заказниктерди уюштуруу. Азыркы учурдагы жашаган жерлерин коргоо системасын иштеп чыгуу максатына ылайык санын, көбөйүү мезгилин аныктоо.

Статусу түзөтүү

VI category, Near Threatened, NT: R Саны азайып бараткан түр (3).

Колдонулган адабияттар түзөтүү