Кийим-кечеге тиешелүү тыюулар

Кийим-кечеге байланышкан тыюулар. Бир катар тыюулар баланын кийген кийими менен байланышат. Балага көйнөк тигип кийгизгенде, анын этегин бүкпөйт. Мындай жөрөлгө өмүрү узун болсун, бала бүгүлбөсүн үчүн жасалат. Жаңы көйнөк кийгизгенде, “баланын көйнөгү чирик, өмүрү тирик болсун” же “кийимиң күзгө жетсин, өзүң жүзгө жет” деген тилек айтып, бетинен өөп кийгизет. Жаш адам желбегей жамынбайт деген тыюу бар. Бул элге кесепети тие турган жорук катары саналат.

Эгерде бир жеңин кийип алса өзүнө тиет. Ошондуктан элге кусуру тийбеш үчүн эч болбосо бир жеңин кийип алуу керек экен. Муну тилибиздеги “Жалгыз желбегей жамынсаң жаныңа жаман, эки желбегей жамынсаң элиңе жаман” деген макал да тастыктап турат. Желбегей жамынууга болгон тыюуну элдик ишеним ата – энесинен ажырап калат деп түшүндүрөт. Чынында эле аза күткөн адам желбегей жамынат, себеби жакыны өлгөн адамга көңүл айтканы келгендер ала келген кийим – кечесин сөөк ээсинин үстүнө желбегей жаап коюшат. Кийимди кийип туруп тигүүгө (айрылган, үзүлгөн жерин ) да болбойт. Антсе акылын кошо тигип алат деген сөз бар да, эгер тигүү зарыл болуп калса, оозуна жип тиштеп алуу сунуш кылынат. Мындай ишти жакырчылыкка тартат деп да жоруйт.

Илгери бир бай өзүнүн дүйнөсүн батыра албай кыйналгандан бирөөнөн: “Малым короого, зерим сандыкка батпай айлам кетти. Эмне кылсам болот?”, - деп кеңеш сураса, ал: “Кийимиңди чечпей туруп тиккин” деп үйрөтүптүр. Ошентип тигип жүрүп томаяк болуп калган экен деп, эл оозунда айтылып калган. Чечпей туруп тиксе, кепинге окшоп калат деп, ошол суук көрүнүш менен да байланыштырылат. Кийимди тескери кийбейт, бирок тескери кийип алса, каргыш өтпөйт деп коюшат. Ал эми жолго чыкканда билбей тескери кийип алса, жолу болот деп жорулат. Адашып тескери кийип алса, үч күнгө чейин чечпеген шарты бар. Тескерисинче, жол жүрөрдө үйдөн кийимин алмаштырып, чечкен кийимин тескери боюнча таштап, иреттебей калтырып кетсе, жолу болбойт, иши жүрүшпөйт деп эскертет.

Түнү жатканда шымды башка жаздабайт, себеби көргө баштайт деп коюшат. Жолго баштайт деп бут кийимди кое берсе болот экен. Ээн талаада жатканда өтүктү башка жаздап жатса шайтан башына келип: “Бул бут жагы турбайбы” деп адашып кетип калат деген сөз дагы бар. Дагы бир маалымат боюнча, уктап жаткан адамдын башына бут кийимин коюп болбойт, себеби , учуп келген жан (адам уктаганда жан мурдунан учуп чыгып, бүт дүйнөнү кыдырат экен, ошол жандын көргөндөрү түш болуп кирет деген ишеним бар) адамдын мурдуна эмес, башка жаздалган өтүктүн, маасынын кончуна адашып кирип кетип, өлүмгө учурайт дейт. Бут кийимдин бир тарабын кийип, бирөөсүн чечкен бойдон калтырып басса, уул болсо аялы, кыз болсо күйөөсү ууру болуп чыгат деп коюшат.

Адабият түзөтүү

  • А.Мурзакметов “Кыргыз ырым жырымдары” -Ош-2005 - ISBN 9967-08-112-0

Интернеттик шилтемелер түзөтүү