Киров (Панфилов району)
Киров, Панфилов району — Чүй областынын Панфилов районундагы кыштак. Күрпүлдөк айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 685 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол станциясы Кайыңды шаарчасынан 19 км түштүк тарапта. Калкы негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Киров | |
Киров | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны |
1005 (2008) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Калкы түзөтүү
Калкы - 1005 киши (2008ж.).
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9