Кичи Кемин өрөөнү - Чүй ойдуңунун чыгышында, Кемин жана Кастек тоолорунун аралыгында. Кемин районунда. Аянты 160 км2, узундугу 20 км, туурасы эң кенен жеринде 12 км, бийиктиги 1450—1700 м. Орто бөлүгү түзөң, батышы кашаттуу түздүк (кашаттардын бийиктиги 50—80 м). Негизинен плейстоцендин шиленди (аллювий, пролювий) тегинен турат. Жогорку бөлүгү кууштап Ак-Түз капчыгайына өтөт. Климаты континенттик, жайы жылуу, кышы анча катаал эмес. Кичи Кемин суусу агат. Топурагы кара күрөң келип, талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Тоо беткей тулаң чөп жана шалбаалуу талаа, шалбаалуу бадал токой ландшафттары кезигет. Өрөөндүн таманы айдоо аянтына айланган. Дан эгин, кызылча, картөшкө эгилет.

Өрөөндө Боролдой, Ильич, Жаңы-Жол, Кичи Кемин, Кара-Булак, Бейшеке кыштагы, Ак-Түз шаарчасы жайгашкан. Өрөөн аркылуу Бишкек — Ак-Түз автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү