Кишемиш өрөөнүТүркстан кырка тоосунун чыгышында. Исфара суусунун алабында, Матча жана Каравшин тоолору менен курчалат. Баткен районунун аймагында. Узундугу 30 кмдей, жазылыгы 3—10 км. Баш жагы деңиз деңгээлинен 3200—3600 м, төмөн жагы 2500—2600 м бийиктикте жайгашкан. Өрөөндүн эки капталы бирдей тик, кууш капчыгайлуу, корум таштуу, кум шагылдуу. Бийик тоо арасындагы синклиналдык жаракадан орун алган. Палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоо тектеринен турат. Климаты континенттик; июлдун орточо температурасы 21,9°С, январдыкы —10...—15°С. Жылдык жаан-чачыны 250—350 мм. Тоолорунда Миң-Теке, Кишемиш мөңгүлөрү бар. Негизинен тоолуу талаа жана сейрек токойлуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Шалбаа өсүмдүктөрү жана токой да кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү