Кожожаштын аскасы - Чаткал кырка тоосунун бир тармагындагы аска тоонун аты. Аксы районунун Авлетим айлынан 55 километр аралыкта, Таласка кеткен жолдун боюнда. Салыштырмалуу бийиктиги 450-500м. Тоонун кыр бөлүгү купол сымал келип, таманы жайык, кыргыз калпагын элестетет. Асканын боорунан булак суусу ылдый тамчылап агып турат. Аны эл "Кожожаштын көз жашы" деп аташат. Элдин айтымында ошол асканын булак чыккан жеринде Кожожаш мерген камалып мерт кеткен. Аскага бир аз жетпей узундугу 300 метр келген кооз тоо колу орун алган. Анын тегереги өсүмдүккө жана айбанатка бай табигый кооз жер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Жалал-Абад дубаны. Энциклопедия. Бишкек 2003-жылы.