Козубеков Төлөгөн
Козубеков Төлөгөн (1937- ) - акын, жазуучу, котормочу.
Козубеков Төлөгөн | |
Туулгандагы ысымы: |
Козубеков Төлөгөн |
---|---|
Туулган жери: |
Талас облусу, Бакай-ата району, Кызыл-Жар айылы |
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: |
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл аймагынын Акназаров айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу. Кыргыз ССРинин ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1982-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
III даражадагы «Манас» ордени[1] менен сыйланган жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер[1].
Өмүр баяны
түзөтүүТөлөгөн Козубеков Бакай-ата районундагы Кызыл-Жар айылында 1937-жылы 10-февралда туулган.
- 1961-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
- 1962-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде балдар үчүн берүүлөрдүн редактору, улук редактор.
- 1974-жылдан Кыргыз ССРинин Мамбаскомунун Басмалар башкармалыгында улук редактор, бөлүм башчы, башкарманын орунбасары.
- 1977-жылдан Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинде социалдык-маданий уюмдар бөлүмүнүн референти, төраганын орунбасарынын жардамчысы.
- 1984-жылдан Кыргызстан КП БКнын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн сектор башчысы,
1989-жылдан Кыргыз ССРинин Мамбаскомунун төрагасынын биринчи орунбасары. - 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Басма-сөз жана маалымат министрлигинде министрдин биринчи орунбасары.
- 1992–1994-жж. Акыл мамконцернинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгында башкы адис.
- 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик иштери боюнча агенттигинде мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис болуп иш-теп келет.
Биринчи ырлар жыйнагы «Биз бактылуу балдарбыз» деген ат менен 1970-жылы басылып чыккан. Бир катар поэтикалык жыйнактардын, жомоктордун, аңгемелердин жана С.Злобиндин, орто кылымдын адабий эстелиги болгон Ж.Баласагындан «Куттуу билим» аттуу китептеринин котормосунун ж.б. автору.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүү- Биз бактылуу балдарбыз: Ырлар жана жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1970. – 50 б.
- Оюнчук жана мен: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 15 б.
- Биринчи беттешүү: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 99 б.
- Чыйыр: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 47 б.
- Онунчу бийиктик: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 80 б.
- Ак шоола: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1981 – 168 б.
- Көктөм ыры: Ырлар, поэма, уламыш – Ф.: Мектеп, 1985. – 124 б.
- Көк-Теңир – Алтын казыгым: Макалалар. – Б.: «Алтын тамга» ЖЧК, 2003. – 120 б[2].
- Жусуп Баласагын: Бейне сүртүмдөрү. – Б.: «Түркстан» басмасы, 2003. – 92 б.
Котормолору
түзөтүү- Ла Гума Алекс Чидер: Повесть. Ф.: Кыргызстан, 1969. – 144 б.
- Азыркы польша аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 228 б.
- Таммсааре А. Белгилүү күндөр: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1977. – 15 б.
- Ла Гума Алекс. Караңгы түндө каңгуу: Повести. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 448 б.
- Аксаков С.Т. Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1980. – 44 б.
- Аксаков С.Т. Ажайып гүл: Сказка Пелагеи. – Ф.: Мектеп, 1981.– 40 б.
- Злобин С.П. Салават Юлаев: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 520 с. Александрова 3.Н.
- Чапаевдин өлүмү: Ыр. – Ф.: Мектеп, 1984. –16 б.
- Баласагын Жусуп. Куттуу билим: Дастан. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 528 б.
- Баласагын Жусуп. Куттуу билим: –М.: «НИК» фирмасы 1993. – 496 б.
- Аугистино Нето. Ырлар. – Ф.: Адабият.