Койсан тилдери
Койсан тилдери — Түштүк Африканын банту тилдерине кирбеген автохтондук тилдеринин шарттуу аталышы.
Алардын өзгөчөлүгү — чыкылдаган үнсүздөрдү (кликстерди) толук фонемалар катары колдонуу. Койсан тилдеринен тышкары, чыкылдатуучу фонемалар бир нече коңшу банту тилдеринде, дахало кушит тилинде жана өлгөн австралиялык дамин тилинде гана кездешет.
Колдонгондордун жалпы саны: |
370 миң адам (2005ж.) |
---|---|
Статусу: |
гипотеза |
Классификациясы | |
Түрмөгү: |
Африка тилдери |
Негизги макроүй-бүлөлөрдүн бири | |
Тилдер коду | |
ГОСТ 7.75–97: |
кой 317 |
ISO 639-2: |
Учурда көптөгөн койсан тилдери жок болуп кетүү коркунучунда турат, ал эми кээ бир тилдер жок болуп кеткен.
Ботсванада жана Намибияда, ошондой эле ТАР, Ангола, Замбия, Зимбабве сыяктуу чектеш мамлекеттердин чек ара аймактарында таралган. Танзанияда сандаве жана хадзапи элдери жашашат. Алар Чыгыш Африканын байыркы койсан калкынын калдыктары болушу мүмкүн.
Сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 370 миңге жакын адам (2005ж.).
Изилдөө тарыхы
түзөтүүМурда койсан тилдерин лингвистер бушмен жана готтентот тилдерине бөлүшкөн. Лингвисттер бул тилдердин байланышы бар деп эсептешкен. Бирок антропологиядагы, жашоо образындагы жана типологиялык мүнөздөмөлөрдөгү (готтентоттордо роддун номиналдык категориясынын болушу) айырмачылыктар бул байланышты тастыктаган эмес.
1928-жылы этнограф Л.Шульце бул элдердин жалпы расалык тибин белгилөө үчүн «койсан» (нама тилинен khoi — «адам» жана san — «бушмен») терминди сунуштаган. 1963-жылы америкалык лингвисти Дж.Гринберг мурда сунушталган макроүй-бүлөнү ушул термин менен атаган (ал башында "Чыкылдаган тилдер" деп атаган).
Окумуштуулар койсан элдеринин байыркы адамзаттын калган бөлүгүнөн обочолонушун тастыкташты жана алардын арасынан 30 миң жыл бою өзүнчө жашаган топторду табышты.
Койсан тилдери
түзөтүүКойсан тилдери 3 семьяга жана 3 обочолонгон тилге бөлүнөт.
БОРБОРДУК КОЙСАН УЯСЫ
Готтентот (кхойкхой) бутагы
• нама — эң ири койсан тили (колдонгондордун саны 234 миң адам). Намибияда жана Түштүк Африка Республикасында таралган.
• каптык кхойкхой — ТАР түштүк-батышында жоголуп бара жаткан тил (100 адам). Къхири (гриква) жана къора диалектилери сакталып калган.
Калахари (чу-кхве же борбордук бушмен) бутагы.
Тилдер Ботстванада (Калахари чөлүндө) жана Намибияда таралган.
кхое тобу:
• кхое тили (7 миң)
• лъани-буга тили (4 миң)
наро-лъгана тобу:
• наро тили
• лъгана-цъгви тили (4,5 миң)
чыгыш кхой тобу:
• шуа тили (6 миң)
• чва тили (9,3 миң)
ТҮНДҮК КОЙСАН УЯСЫ
Жу (къхунг) бутагы
• түндүк къхунг тили (12,5 миң)
• борбордук къхунг тили (6,9 миң)
• түштүк-чыгыш къхунг тили (25-30 миң) — анын ичинде жуцъоан жана лъхаулъе диалектилери
• кунг-экока тили — Намибияда жана Анголада
• малиго тили (2,2 миң)
• Мангетти кум дөбөнүн къхунг тили (500) — Мангетти жана Омтаку конуштарда (Намибия)
• васекела-бушмен (секеле) тили (61,3 миң) — Капривинин батыш тилкелери
• чъкхао-лъае (чъкхаулъэйн) тили (7 миң) — Ботсванада жана Намибияда
• эски хайлъом тили †
• овамбо-бушмен тили (кеди-чвагга) †
Чъоан моногруппасы — Ботсванын түштүгүндө (200). Кээде изолят болуп саналат.
ТҮШТҮК КОЙСАН УЯСЫ
Таа (туу) тобу — Намибиянын чыгышында жана Ботсвананын батышында. Колдонгондордун саны 4,2 миң адам.
• къхонг диалектикалык континууму (батыш жана чыгыш диалектилер)
• төмөнкү нособ тили †
Къви тобу:
• нцъу тили
• цъхам тили †
• ксегви тили †
• батва тили †
• сероа тили †
• цъауни-хатия тили †
• чъункве тили †
• лъхау тили †
• лъулъе тили †
• къган-къне тили †
• лъхегви тили †
ОБОЧОЛОНГОН ТИЛДЕР
• Квади тили. Анголадагы жоголуп бараткан тил. Тилдин борбордук койсан тилдери менен байланышы бар болушу мүмкүн.
• Сандаве тили. Колдонгондордун саны 40 миң адам (2000ж.).
• Хадзапи тили. Колдонгондордун саны 1000 адам (2015ж.).
Сандаве жана хадзапи тилдеринде сүйлөгөндөр Танзанияда жашашат. Бул эки тилдин койсан тилдери менен байланышы талаштуу бойдон калууда.
Ички классификация
түзөтүүСунушталган макроүй-бүлө Гринберг тарабынан хадза, сандаве жана Түштүк Африкалык койсан тилдерине бөлүнгөн. Түштүк Африканын койсан тилдерин Гринберг түндүк, борбордук жана түштүк бутактарына бөлгөн. Түштүк Африка койсан тилдеринин бутактарынын ортосундагы байланыш толук далилденген эмес. Ал эми алардын сандаве жана хадзапи тилдери менен байланыш — гипотетикалык деңгээлде.
Г.С.Старостиндин классификациясы (2013):
• Хадзапи
• Макро-койсандык «пост-хадзапи»
- ○ Сандаве-кхой-квади
- ○ Сандаве-кхой-квади
- ▪︎ Сандаве
- ▪︎ Сандаве
- ▪︎ Кхой-квади
- ▪︎ Кхой-квади
- ▪︎ Квади
- ▪︎ Квади
- ▪︎ Борбордук койсан (= кхой)
- ▪︎ Борбордук койсан (= кхой)
- ▪︎ Кхойкхой
- ▪︎ Кхойкхой
- ▪︎ Калахари-кхой
- ▪︎ Калахари-кхой
- ○ Перифериялык койсан
- ○ Перифериялык койсан
- ▪︎ Түштүк койсан (= къкви-таа ~ туу)
- ▪︎ Түштүк койсан (= къкви-таа ~ туу)
- ▪︎ Къкви
- ▪︎ Къкви
- ▪︎ Таа
- ▪︎ Таа
- ▪︎ Жуцъоан
- ▪︎ Жуцъоан
- ▪︎ Батыш цъоан
- ▪︎ Батыш цъоан
- ▪︎ Түндүк койсан (= жу)
- ▪︎ Түндүк койсан (= жу)