Койчиев Турсунбек (14. 10. 1941, Чүй областтык, Жайыл району, Сары-Булак айылы) — КРдин эл сүрөтчүсү (2007), КРдин маданиятына Эмгек сиңирген ишмер (1993), СССР жана КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн (1964). Анын чыглыгы пейзаж жанрында 1960-жылдарда калыптанган. 1965-жылдан республикалык көргөзмөлөргө катыша баштаган. Кыргызстанда совет бийлигинин орношуна арналган «20-жылдардагы Кыргызстан аялдары» аттуу туңгуч тематикалык триптихи менен таанылган. «Чөп чабыкта» (1973), «Тоодогу кеч» (1974—75), «Сууга түшүп жаткан кыздар» (1974) жана башкалар пейзаждык чыгармаларында кыргыз жеринин кайталангыс сулуулугун даңазалайт. К. 30дан ашык республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык (Швеция, Бельгия, Моңголия, Италия) көргөзмөлөргө катышкан. Анын чыгармалары Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, ошондой эле Франция, АКШ, Кытай, Германия, Түркия, Россия жана башкалар өлкөлөрдөгү менчик коллекцияларда сакталуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү