Кокой өрөөнү - Алай-Куу өрөөнүнүн бир бөлүгү. Кайыңдыбулак суусунун алабында жайгашкан кооз өрөөн. Бир нече майда өрөөндөн (Кайыңдыбулак, Акчуңкур, Жаркыраксуу, Чүкөтай жана Үчкайнар) туруп, Жалгызкатын тоосунун батыш капталынан орун алган. Узундугу 20 км, туурасы 5–8 км. Таманы деңиз деңгээлинен 2300–3200 м бийиктикте. Оң капталы тектирлүү, сол тарабы бир аз тигирээк. Палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн аскалар кездешип, кооз үңкүрлөр бар. Баш жагында чер токойлуу Үчкайнар өрөөнү орун алган. Өрөөн аркылуу Кайыңды суусу агып өтөт. Көптөгөн тунук булактар, шаркыратма, бөгөттөр бар. Жайы салкын, кышы суук. Жылдык жаан-чачыны 400–600 ммдей. Каркалың түшөт Негизинен токой (арча, кайың, четин, шилби жана башка аралаш карагай токою) жана токойлуу талаа ландшафты басымдуу. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү