Лебединовка айылыны сүрөтү түзөтүү

Абдырашит мырза, арыбаңыз. Администраторлук маңамыңыз менен викиге салым кошуп келатканыңызга рахмат. Лебединовка айылынын башкы сүрөтү себепсиз алмаштырылыптыр, ky, ru, en викилеринде. Мурункусу Лебединовка айылынын таанымал башкы кире беришин көрсөткөн, айылдын аталышы бар, маалыматы менимче көбүрөөк сүрөт болчу. Сизден мурунку сүрөтүн кайтарууну ойлонуп көрүүңүздү суранам. Урматтоом менен Kmaksat (баарлашуу) 22:26, 26 март 2022 (UTC)Жооп берүү

Саламатсызбы....Алмаштыруунун себептери төмөнкүчө; Макаладагы сүрөтүн сапаты бир аз жакшы эместей көрүндү, ошол себептүү башка сүрөткө алмаштырып койгом....Сүрөт жөн гана иллюстрация демек макалага тиешелүү баардык сүрөттөр жарай берет. Эгер сизде мүмкүнчүлүк болсо ошол сүрөттүн сапатын жакшыртып жаңыласаңыз. Лебединовка айылынын сүрөттөр категориясын бул жерден көрсөңүз болот :Викиказына. Ишиңизге ийгилик!!! Суроолор болсо кайрылсаңыз болот!! Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 06:49, 27 март 2022 (UTC)Жооп берүү
Түшүнүктүү, рахмат.Kmaksat (баарлашуу) 05:29, 4 апрель 2022 (UTC)Жооп берүү

Боспиек түзөтүү

Этиканы сактаңыз. Википедия бирөөнүн тажрыйбасынын негизинде жазылбайт (кээ бир учурларда андай эмес, бирок айылдын аталышы боюнча булактарды тапса болот эле). Эгерде маалымат асмандан түшпөсө булактар каерде ? Мен аталышын Мамлекеттик классификатордун негизинде өзгөрткөм. Эч кандай "Бозбубиек" деген жок ал жерде. Эгерде, башка ченемдик актыларда же башка булактарда андай аталыш бар болсо, анда аларды макалада келтирүү керек. Мисалы Бала-Сары макаласында айтканымдай кылынган.--Bosogo (баарлашуу) 09:32, 15 Май (Бугу) 2022 (UTC)

Айылдын аталышы эмне үчүн азыркы учурга чейин расмий түрдө өзгөртүлбөгөнү белгисиз бирок айылдын аталышын 2003-жылы эки ирээт өзгөртүлгөнүн 2022-жылы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө болгон сапарымда тастыкташкан. Алгач Бозбужээк андан кийин Бозбубиек болуп өзгөрдүлгөн. Ал тургай айлдын кире беришинде "БОЗБУБИЕК айылы" кыргыз тилиндеги "v BOSBUBiEK" англис тилиндеги жазуусу бар арка тургузулган. Ал жерде "Боспиек" - деген жазуу жок. Бирок айылдагы жалпы орто мектеп "Алтынай атындагы Боспиек орто мектеби" - деп аталат. Демек айылдын эки аталышы тең колдонулат. Айылдын аталышын алып жүргөн белгилүү инсандардан Кеңешбек Шадыбеков адабий ысымы (Бозбубиек Шадыбеков)... Бозбубиек аталышын интернет булактардан табуу кыйын,бирок калк эки аталышын тең колдонот. Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 10:30, 15 Май (Бугу) 2022 (UTC)
Арыбаңыздар мырзалар. Ооба, талаш-тартыш кылбоо үчүн калктуу конуштун аталышын тастыктаган расмий булак керек, мисалы: Мамстаткомдун мамлекеттик классификатору, же болбосо Юстиция министрлигинин укутук базасындагы мыйзамга, токтомго шилтеме. Ал эми аталыштын жоромолдоруна кошумча багыттамаларды жасап коюу мүмкүн деп ойлойм. Kmaksat (баарлашуу) 04:24, 16 Май (Бугу) 2022 (UTC)

[1] сүрөттөрдүн арасында, айылдын аркасы бар.

Долбоордун аталыштар мейкиндиктерин аныктоо түзөтүү

Саламатсызбы. Долбоорубуздун аталыштар мейкиндиктерин аныктоо үчүн талкуу башталды. Талкуу бул жерде жүрүүдө.--Bosogo (баарлашуу) 16:36, 24 Май (Бугу) 2022 (UTC)

Которуулар, жана макалаларды жок кылуу. түзөтүү

Саламатсызбы, мен макалаларды которгондо кээде байкабай калуум мүмкүн, сизге сураныч ушул макалага мени чакырып коюңуз зарыл, мен оңдоп, тыкан кылып коём, жана өтө сураныч, мен которгон макалаларды жок кылбооңуз, себеби, мен которбосом Кыргыз Уикипедиясында эчким тарыхый, географиялык аймак/аянттар менен кызыктанбайт, жана которбойт, сизге чоң ыраазычылыгымды билдирем. Lauriswift911 (баарлашуу) 08:30, 2 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

Return to the user page of "Абдырашит Сатылганов/Архив/2022".