Bishkekkg
БОЗ ҮЙДҮН ЖАБДЫЛЫШЫ
БОЗ ҮЙДҮН ЖАБДЫЛЫШЫ - жыгачтан (тал), кийизден, майда жип жана кичинекей шурулардан болот. Анын жыгач болугуно (тундук, уук, кереге, босоголдр) четинден, тал, теректен ж.б. узун шыргайларды колдонушат. Алгач уук менен керегеге жарактуу болгон жыгачтарды жасоочу жерге топтоп алат. Аларды матоодон откоруу учун (жумшартуу учун) корго салып жумшартып алат. Жумшарган жыгачтардан уукка, керегеге ылайыктап тистен откорушот.
УУК - тистен откондон кийин уйдун чон же кичинесине ылайык формага келтирип, ченеп жасайт. Ууктун баш жагы тундуктун алкагындагы козонокко туура келгидей кылып учталат. Аяк жагы кооздолуп, учуна керегенин башына байлай турган орулгон жип тагылат. Ууктарды кызыл жошо менен боёп, (азыр кызыл сыр менен боёп журушот) формасын озгортуп жибербеш учун, аны колоко жерге бир нече кун коюп кургатат.
КЕРЕГЕ - уукка караганда жасалышы татаал болот. Кергенин жыгачын да корго салып, жашытып алып тиске салып ийет. Керегенин баш жагын «ийди» менен ийип коёт. Бирок ууктукуна караганда, керегенин жыгачтары бирдей болбойт. Керегеде кыска саканактар болот. Саканактар ар бир канат керегени бириктирууго жардам берет. Керегенин жыгачтарын 18-20 см. аралыкта кылып, кок менен (атайын териден даярдалган жип) коктоп, тор коз кылып бириктирет. Кок уйдун, тоонун терисин тузга чылап, чылгый боюнча тилип алып, анан коктолот.
ТҮНДҮК - алкак жана чамгарак деген эки болуктон турат. Алкакактуу жоон талдан, кайындан корго алып, жашытып тиске салып, андан кийин ийип, ченеп, экоону тууралап бирин-бирине аштап жасалат. Алкактын сырткы капталына уйдун чондугуна жараша ууктардын башы киргидей козоноктор (60,70,80) ушку менен козолот. Алкактын усту жагына чамгарактын баштары кире тургандай кылып, карама-каршы багытта торттон торт жагына 16 козонок тешилет.
БОСОГО ТАЯК - жыгачтан жасалган эки жак босого. Бирден баш босого жана жер босого жасалат. Жыгачтан жасалган бардык жабдууларды жыгач усталар гана жасай алышат. Усталардын колдонгон мурунку куралдары: матоо жыгач, ийди, ушку, аштама керки, мети темир шиш, шибегелер, тарткы дегендер болгон.
БОЗ ҮЙДҮ КАЛКАЛООЧУ ЧИЙ. Чийди тандап, узунунан жаандан кийин бирден тубу менен тартып келип аарчып тазалайт. Андан кийин 6-8 тап кылып согот. Мисалы, 6 тапка 12 суйру ташка жип ороп баканга салмоорлоп, чийди бирден коюп жиптерди алмаштырып иштей берет. Боз уйдун сырткы жабдуулары: узук, туурдук жана эшик. Буларды ак койдун жунунон кийиз жасап, анан ченеп, бычып жасалат.
Y3YKTYH - тундук жагы кууш жана этек жагы жазы болот. Боз уйго алдынкы жана арткы болуп, эки чон узук жасалат. Үзуктордун алды жана арты бастырык менен бекитилет.
ТУУРДУК - керегеге ылайыктап жасалат. Туурдуктун жабык баш деген болугу уйдун ич жагынан корунуп турат. Боз уйдун эшигинин ички бетин чийден согуп, сыртынан кийиз каптайт. Эшиктин босогодон ойдокусу узуктун астында калат.
ТҮНДҮК ЖАБУУ – тундукко жанаша бычылып жасалат. Анын торт бурчуна жип тагылат. Анын бурчтарын тотого деп коёт. Боз уйдун майда жабдуулары коп болот. Алсак, тундукко эки желбоо жип тагылат. Шамал болгондо анын пайдасы абдан чон. Кырчоо менен (курчоо) туурдуктарды бастырып боз уйду айланта курчап коёт. Тундук жабдууга да жип байланат. Жиптерден башка ак сызмалар жана узук, туурдуктарга терилип тур салынып жасалган сызмалар жасалат.
Кыргыз боз уйу илгертен ата-бабадан бери карай очогунан от очпогон, жайы-кышы жашап тукум улап келген, жашоо тиричилигин баштарынан кечирип келген мекени жана туусу болгон деп айта алабыз. Боз уйду кыргыздын улуттук чыгармачылык маданиятын чагылдырган эмгеги десек да болот. Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл.
БОЗ ҮЙДҮ КАНТИП САКТОО КЕРЕК?
Боз уй ото ысык, нымдуу жерге сакталбаш керек. Озунун ыгы менен ирээттеп чечип, бекем тањып, ууктун алаканын жерге, башын ойдо каратып дубалга жолоп коюш керек. Уукту узунунан жерге таштабайт. Тундукту ойдо илип, керегелерди узунунан тургузуп, салкын, кургак жерге сактаса коп жылга чыдайт.
Курманжан датка (Бул кызык)
түзөтүү1907-ж. 1-февралда Оштон 13 чакырым жердеги Мады айылында 96 жаштагы «Алай ханышасы» жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын каттап салынган төшөгүнүн жанында үнсүз дымыраган бардык курактагы көптөгөн адамдар -көптөгөн урпактары турушту. Ал түгүл ушундай чон боз үй дагы анын бардык неберелерин, чөбөрөлөрүн жана кибирелерин батыра албайт эле. Анын ооруп калганлыгы жөнүнлө кабар алардын көпчүлүгүн айылга келүүгө аргасыз кылган. Ананчы! Күйөөнү өзү тандаган аял онойбу! Алайды башкарууну мураска алган аял. Букаранын динди бекем кармаган эмиринин колунан жогорку наам алып, Кокон ханы Кудаяр бекиткен аял генерал! Ал Зыйнат деген жашырын ат менен белгилүү акын да болгон деген кеп бар. Зор кландын негиздөөчүсү - Алай ханышасы бул дүйнө менен кош айтышып жатты. Анын өлгөнү тууралуу кабар бүт дубанга тез эле тарады. Бардык тараптан атчандар, жөө жаландаган адамдар келип жатышты. Махмуд бек үй ээси катары кадырлуу кишилерди күтүп алып турду. Боз үйдүн кире беришине маркумдун неберелери менен чөбөлөрү эки катар тизилишти. Киши келген сайын чурулдаган өкүрүк чыгып, кошок кошулуп жатты. Сөөк жерде эмес (адаттагыдан башкача), тактада кымкап жабылып жатты. Жанына ак падышанын белектери, датканын тушунда болгон сегиз генерал-губернатордун, ошондой эле оёз башчыларынын жана башка төрөлөрдүн тартуулары коюлган. Орус өкмөтү Курманжанга чон урмат менен мамиле кылып, бардык расмий кагаздарында аны «датка» - башкаруучу деп көрсөтүшкөн. Курманжан өлгөн кезде анын 183 укум-тукумунан 98и тирүү эле (эки уулу, эки кызы, 31 небереси, 57 чөбөрүсү жана 6 кыбырасы).
Маңгурт деген эмне?
түзөтүүЧыңгыз Айтматовдун чыгармасынан.
Маңкурт деген эс-акылдан ажыраган бир сөлөкөт: өзү ким, эл-жери кайда, ысмы ким, ата-энеси ким, кайда, качан чоңойгон,- эчтеме эсинде калбайт, эчтемени билбейт, кыскасы өзүн адам элем деп эсептебей калат. Өзүн өзү таануудан калганы менен маңкурттун чарба тиричиликте бир топ артыкчылыгы бар. Өзү аягы айры, башы кара бир макулук болгон соң айдаган жакка кыңк этпей басат, айткан ишти кыңк этпей аткарат. Качам-коём, каяша кылам деген ой түшүнө да кирбейт. Кул ээсин ар качан түпөйүлдөнткөн нерсе кулдардын көтөрүлүшү болчу эмес беле. Ар бир кул акыры колдо жүргөн төңкөрүшчү эмеспи. Андай кулдардан маңкурттун айырмачылыгы,- ал каяша кылуу, каршылык көрсөтүү деген сезимден ажырап калган. Ошондуктан аны дайым көзөмөлдөп, кароол коюнун, төтөн аңдан чочулоонун эч кереги жок. Манкурт итке окшоп ээсин гана ээрчип калат, ээсин гана тааныйт. Башка эч жанды тааныбайт да, билбейт, ошол үчүн башка бирөө менен сүйлөшпөйт. Анын бар болгон ою - кара курсак. Башка эч камы жок. Бирок тапшырылган ишти жан-дили менен, өчөшкөндөй берилип аткарат. Адатта маңкурттарды эң балит, оор же болбосо макоо жан да чыдай алгыс бир калыпта созулчу узак жумуштарга коюучу. Жоо кыйнаса төө кайтартат дегендей Сары-Өзөктүн мелмилдеген кенен, ысык, бук кылар тынчтыгында айылдан алыc жайытта жайдыр-кыштыр төө кайтарчулар маңкурттар болгон. Мындайда ал жалгыз өзү көп төөчүлөргө татыйт. Курсагын гана тойгузуп турса болду, жапайы болуп кеттим дебейт, зериктим дебейт, жайдыр-кыштыр төө артында жүрө берет. Ээсин көрсө итинен бетер кубанат. Үстүндө эски-уску кийим болуп суукта үшүбөсө, курсагы тоюп турса, башка эчтеме сурабайт да кейибейт...
Ч.Айтматов. Кылым карытаар бир күн: Т.4.-Бишкеке, Учкун.-2009.-137 беттен кара.
Алай ханышасы Курманжан датка
түзөтүүКурманжандын таржымалы (1811-1907-жж.) күтүүсүз өзгөрүштөргө бай. Ал Алайдагы мунгуш уруусундагы карапайым көчмен кыргыздын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Он сегизге толгондо нике кыйылган куну биринчи жолу көргөн кишисине күйөөгө беришкен. Бирок ал Курманжанга жакпай, ал салт менен динди бузуп, атасынын төрүндө Курманжан датка 96 жашта кала берген. 1832-жылы Кокон ханынан датка титулун жана Алайдагы бут кыргызды башкаруу укугун алган тирикарак феодал Алымбек Курманжандын «уч талак» алышына жетишип, ага өзү үйлөнгөн. Курманжан күйөөсүнө жакшы жардамчы бо¬луп, ал тез-тез жок болуп калган учурда (ал хандын жакындарынын бири болуп, андан кийин хандын биринчи вазирлигине көтөрүлгөн), Алайды башкарып турган. 18б2-ж. Алымбек өлгөндөн кийин Курманжан эринин кегин алып, Алайдын толук укуктуу башкаруучусу болуп калган. Букара эмири Музафар жана Кокон ханы Кудаяр ага датка ардак наамын (падыша¬лык армиянын генерал чинине тете) ыйгарышып, «...аны тиешелүү жарлыктар менен жабдышкан жа¬на белек-бечкектерди беришкен». Кокон хандыгы кулагандан кийин козголоңчулардын жеңилгенин мойнуна алууга аргасыз болгон, Курманжан падышага кызмат кылууга өтүп, өз уулдары менен бүткүл Алай элин ага үндөгөн. 1876-ж. жайында Алай Орусияга бириктирилген. Бул аймакта беш болуштук: Кичи-Алай, Ноокат, Гүлчө, Өзгөн жана Ак-Буура тузулуп, алар Ош оёзүнүн курамына кирген. Аларды Курманжан датканын уулдары Оморбек, Камчыбек, Асанбекжана Баатырбектер башкарышкан. Анын Фергананын аскер губер¬натору Ионовго жазган катынын бири саясий керээздей угулат: «...Фергана мусулман мамлекети (б.а. Кокон хандыгы) Орусияны али тааный электе, мен Силер менен кармашып жана талашып-тартышып келгем. Ошол маалда Алайга Оштун башкаруучусу Ионов гене¬рал (М.И.Скобелев) менен келген. Мени генералга тааныштырган. Ге¬нерал мени жылуу-жумшак кабыл алып, урмат көрсөткөн. Мен ага ыраазы болгом... Ушул бейкут мезгилде менин буткул элим, мен өзүм жана менин туугандарым эч качан Силерге кар¬ты чыкпай турганыбызды билдирем. Бизден эч кандай жамандык болбойт. Эгер элим жамандык кылып, сөзүнө турбаса, анда күнөөкөрдү абдан оор жазалап, өзүм көзүм өткөнчө азап чегем. Сөзүмдүн акырында өз мөөрүмдү басам - Маматбек кызы Курманжан датка. Мөөрүм жоголуп кеткендиктен - колумду коём». Курманжандын жеке турмушу драмалуу окуяларга жык толгон. Ырас, ал мурдагыдай эле бай бойдон калып, көптөгөн малы болгон, кыргыздар ичинде айрыкча кадыр-баркы күчтүү болгон. Анын балда¬ры болуштуктарды башкарышкан Бирок эки уулу менен эки небересине бажы салыгы алынбаган то¬вар алып өтүп, бажыканачыларды өлтүргөн деген айып коюлганда Курманжан аларды бардык кадыр-баркын салып отуруп да куткаралбай койгон. Оштун оёз начальнигине, Фергана аскер губернато-руна жана Туркстан генерал-губернаторуна жеке кайрылса да жардам болгон эмес. Жакшы көргөн баласы Камчыбек көп элдин көзүнчө жана аскер губернаторунун өзү Повало-Швыйковскийдин катышуусу менен Оштун негизги аянтында дарга асылган. Маматбекдеген уулу жана эки небереси - Арсланбек менен Мырзапаяз кишенделип Сибирге сүргүнгө айдалган. Мындай кордук менен ызаны көрүү Курманжанга өтө оор болгон. Кур¬манжан датканын ындыны өчкөн: ал бут малый элге таратып берип, өз айылына жалгыз жатып алган, эч кимди кабыл албай койгон. Убакыт өткөн сайын Курманжандын ысымы санжырага айланып, биздин күндөргө чейин жетти. Анын улуу иштерин улаган укум-тукуму даңкын өчүргөн жок: «Алай ханышасынын» неберелери – Кадырбек Камчыбек уулу жана Жамшыбек Карабек уулу больше¬вик партиясынын мүчөсү, совет республикасынын күжүрмөн ордендеринин ээси, ал эми кыбырасы Муса Мырзапаязович Адышев -көрүнүктүү окумуштуу-геолог, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын президента болгон.
Биздин Кыргызстан: Популярдуу тарыхый энциклопедия.-Бишкек, Илим.-2004
Алымбек датка
түзөтүүАлымбек датка. «...Анжиян дубанындагы хандын төрөсү Алымбек датканын бийлиги бекем эле. Анан калса бүтүндөй Алай анын колунда болучу. Ал түштүк кыргыздардын адигине уруусунун баргы тукумунун башкаруучусу болгон... Бирок ал хандын биринчи вазири болуп, бүтүндөй Тенир-Тоону бийлесем дегенди тилек кыла баштаган. Ал айлакерлик менен чыр-чатактарга катышып, башка феодалдар менен ымала түзүп, жактоочуларды азгыра баштады. Бул иштердин баары аны туулуп өскөн жеринен көпкө оолак болууга аргасыз кылды. Ошондой болсо да датка өзүнүн ооругунан кам санабайт. Анткени Алайдын бардык көчмөндөрүн башкаруу анын акылдуу жана берилген аялы Курманжанга калган эле». Тилекке каршы даректерде Алымбектин туулган күнүнүн ал түгүл болжолдуу датасы да айтылбайт. Болгону 1830-ж. ал чон мансапка жетип жана 19 жаштагы Алай периси Курманжанга үйлөнгөнү гана белгилүү. 1845-ж. Алымбек Шералы ханга каршы оштук кыргыздардын көтөрүлүшүн уюштурат, анткени анын ордуна ыкка көнгөн өз кишисин коюп дагы чоңураак мансапка жетүүнү үмүттөнгөн. Бирок кокондуктар көтөрүлүштү басышкан. Өлүм коркунучу жөнүндө аялы ез учурунда эскерткендиктен Алымбек качууга аргасыз болгон. 1847-ж. ал Синьцзянга аттанат. Ал жерде цин бийлигине каршы Каш¬гардын мурдагы линий башкаруучуларынын мураскери Кожо төрө чыгарган көтөрүлүшкө катышат. Бирок цин бийлиги көтөрүлүшчүлөрдү талкалайт. Алымбек менен Кожо төрө жандарын ала качып, Алайдагы конушуна баш калкалайт. Андан кийин кокон ханы Кудаяр менен элдешүүнүн учуру келет. Алымбек хан сарайындагы кадыр-барктуу башкаруучулардан болуп калат. Бул кызматта туруп ал түндүк кыргыз урууларын Коконго баш ийүүнү талап кылат. Кыргыз манаптары орус бийлигине төмөнкүчө даттанышкан: «...Кокондун Алымбеги эгер биз аларга баш ийбесек, анда ал бизге келип курал менен жазалайм деп коркуткан кат жибериптир». Алымбек бардык кыргыздарды бириктирип, кыргыздардын Тенир-Тоо хандыгын түзүүнү каалаган. Албетте мындай хандыктын башында өзү гана туруу жөнүндө кыялданган. Ушуга байланыштуу мындай бир кызыктуу документ - орус императору Александр Пнин батыш Сибирь гене¬рал-губернатору Аюгамелге берген тапшырмасы сакталып калган: Эгер Алымбек жардам сурап кайрылып калса, аны четке какпай аны менен достук мамиледе болуп, колдоо көрсөтүүгө аракет кыл деп айткан. Ал кезде Орусияга Тенир-Тоодо Ко¬кон хандыгына саясий атаандаштын болушу пайдалуу эле. Алымбектин Кудаяр хан менен достугу көпкө созулбады. 1858-ж. алайлык уруу башчысы төңкөрүшкө катышып, такка хандын агасы Малла бекти отургузат (1858-1 862-жылдары башкарган). Кудаяр Бухарага качып кутулган. Хандыктагы бийлик иш жүзүндө Алымбек менен аны колдогон кыр¬гыз феодалдарынын колуна өтөт. Алымбек башка бай-манаптарды тоотпой, алардын арасында элдешкис кастары пайда болот. 1860-ж. орус аскерлери менен салгылашууга катышуу үчүн Узун-Агачка жортуулунун учурунда бириккен колго үстөмдүк кылам деп ташкендикторе Канат менен ыркы келишпей калып, салгылашууга катышпай коёт. Кокон аскерлери катуу соккуга учурайт. Бирок аскерлеринин негизги бөлүгү Анжиян дубанынын жана Теңир-Тоонун кыргыз кошуундары түзгөн Алымбек жоготуусуз кайра кайтат. Бул үчүн Малла хан аны өлүм жазасына буйрат. Хандын каарынан корккон Алымбек кыргыз туугандарынын арасына жашынат. Ал кыргыздардын сол канатына кирген бардык адигине уруусун өзүнө тартып, Нарындын башын көздөй аттанат. Ага сарыбагыштын манаптары Үмөтаалы, Ажы, Адыл, Төрөгелди кошулат. Бул бириккен күчтүн башында Алымбек туруп, кыргыздар ханга каршы аттанышат. Малла хан муну билип калып ташкендик төрө Канатка 40 төрөнү Алымбекке элчиликке жиберүүгө буйрук берет. Алымбек аларлын баарынын башын алып таштайт. Алар¬лын артынан жиберилген жазалоочу отряд дагы талкаланат. Алымбек хандын жакындарынын ичинен бийликти эңсеген жана жаны мартабага көз арткандар менен тил табышат. Козголончулар 1862-ж. Малла ханды өлтүрүшүп, Шахмуратты хан деп жарыялашат. Бирок Канат Кудаяр ханды Букарадан Ташкенте чакырат, ал 1863-ж. майда кайрадан хан болуп жарыяланат. Ушул хан сарайындагы төнкөрүштөрдүн оропарасында Алымбек да алданып калат. Кезегинле ал душмандарына коп жолу капкан койгон, бул жолу капканга өзү түшүп калды. Бирок Алайлагы бийлик кыргыздар¬дын колунан тайган жок. Анын датка титулу жана алай кыргыздарын башкаруу укугу Алымбектин акылдуу жана тирикарак аялы Курманжанга өтөт.
Биздин Кыргызстан:Популярдуу тарыхый энциклопедия.-Бишкеке, Илим.-2004