Курманжан датка(1811-1907-жж.) түзөтүү

Курманжандын таржымалы (1811-1907-жж.) күтүүсүз өзгөрүштөргө бай. Ал Алайдагы мунгуш уруусундагы карапайым көчмен кыргыздын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Он сегизге толгондо нике кыйылган куну биринчи жолу көргөн кишисине күйөөгө беришкен. Бирок ал Курманжанга жакпай, ал салт менен динди бузуп, атасынын төрүндө Курманжан датка 96 жашта кала берген.

1832-жылы Кокон ханынан датка титулун жана Алайдагы бут кыргызды башкаруу укугун алган тирикарак феодал Алымбек Курманжандын «уч талак» алышына жетишип, ага өзү үйлөнгөн. Курманжан күйөөсүнө жакшы жардамчы бо¬луп, ал тез-тез жок болуп калган учурда (ал хандын жакындарынын бири болуп, андан кийин хандын биринчи вазирлигине көтөрүлгөн), Алайды башкарып турган. 18б2-ж. Алымбек өлгөндөн кийин Курманжан эринин кегин алып, Алайдын толук укуктуу башкаруучусу болуп калган. Букара эмири Музафар жана Кокон ханы Кудаяр ага датка ардак наамын (падыша¬лык армиянын генерал чинине тете) ыйгарышып, «...аны тиешелүү жарлыктар менен жабдышкан жа¬на белек-бечкектерди беришкен». Кокон хандыгы кулагандан кийин козголоңчулардын жеңилгенин мойнуна алууга аргасыз болгон, Курманжан падышага кызмат кылууга өтүп, өз уулдары менен бүткүл Алай элин ага үндөгөн. 1876-ж. жайында Алай Орусияга бириктирилген. Бул аймакта беш болуштук: Кичи-Алай, Ноокат, Гүлчө, Өзгөн жана Ак-Буура тузулуп, алар Ош оёзүнүн курамына кирген. Аларды Курманжан датканын уулдары Оморбек, Камчыбек, Асанбекжана Баатырбектер башкарышкан. Анын Фергананын аскер губер¬натору Ионовго жазган катынын бири саясий керээздей угулат: «...Фергана мусулман мамлекети (б.а. Кокон хандыгы) Орусияны али тааный электе, мен Силер менен кармашып жана талашып-тартышып келгем. Ошол маалда Алайга Оштун башкаруучусу Ионов гене¬рал (М.И.Скобелев) менен келген. Мени генералга тааныштырган. Ге¬нерал мени жылуу-жумшак кабыл алып, урмат көрсөткөн. Мен ага ыраазы болгом... Ушул бейкут мезгилде менин буткул элим, мен өзүм жана менин туугандарым эч качан Силерге кар¬ты чыкпай турганыбызды билдирем. Бизден эч кандай жамандык болбойт. Эгер элим жамандык кылып, сөзүнө турбаса, анда күнөөкөрдү абдан оор жазалап, өзүм көзүм өткөнчө азап чегем. Сөзүмдүн акырында өз мөөрүмдү басам - Маматбек кызы Курманжан датка. Мөөрүм жоголуп кеткендиктен - колумду коём». Курманжандын жеке турмушу драмалуу окуяларга жык толгон. Ырас, ал мурдагыдай эле бай бойдон калып, көптөгөн малы болгон, кыргыздар ичинде айрыкча кадыр-баркы күчтүү болгон. Анын балда¬ры болуштуктарды башкарышкан Бирок эки уулу менен эки небересине бажы салыгы алынбаган то¬вар алып өтүп, бажыканачыларды өлтүргөн деген айып коюлганда Курманжан аларды бардык кадыр-баркын салып отуруп да куткаралбай койгон. Оштун оёз начальнигине, Фергана аскер губернато-руна жана Туркстан генерал-губернаторуна жеке кайрылса да жардам болгон эмес. Жакшы көргөн баласы Камчыбек көп элдин көзүнчө жана аскер губернаторунун өзү Повало-Швыйковскийдин катышуусу менен Оштун негизги аянтында дарга асылган. Маматбекдеген уулу жана эки небереси - Арсланбек менен Мырзапаяз кишенделип Сибирге сүргүнгө айдалган. Мындай кордук менен ызаны көрүү Курманжанга өтө оор болгон. Кур¬манжан датканын ындыны өчкөн: ал бут малый элге таратып берип, өз айылына жалгыз жатып алган, эч кимди кабыл албай койгон. Убакыт өткөн сайын Курманжандын ысымы санжырага айланып, биздин күндөргө чейин жетти. Анын улуу иштерин улаган укум-тукуму даңкын өчүргөн жок: «Алай ханышасынын» неберелери – Кадырбек Камчыбек уулу жана Жамшыбек Карабек уулу больше¬вик партиясынын мүчөсү, совет республикасынын күжүрмөн ордендеринин ээси, ал эми кыбырасы Муса Мырзапаязович Адышев -көрүнүктүү окумуштуу-геолог, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын президента болгон.