Кордильера тоолору (испанча Cordilleras — тизмек) — Жер шарындагы эң узун тоо тармагы. Түндүк жана Түштүк Американын батыш четтери менен 66° түндүк кеңдиктен (Аляскадан) 56° түштүк кеңдикке (Оттуу Жер аралына чейин) узата созулуп жатат. Узундугу 18 миң кмден ашык, туурасы Түндүк Америкада 1600 кмге, Түштүк Америкада 900 кмге чейин. Канада, АКШ, Мексиканын, Борбордук Америкадагы өлкөлөрдүн, Венесуэла, Колумбия, Эквадор, Перу, Боливия, Аргентинанын жана Чилинин аймагында жайгашкан. Тынч жана Атлантика океандарынын алаптарынан суу бөлгүчү, ошондой эле климаттык чек болуп саналат. Бийиктиги боюнча Гималайдан жана Борбордук Азиядагы тоо системаларынан гана кийин турат. Эң бийик чокулары: Түндүк Америкада Мак-Кинли (6193 м), Түштүк Америкада Аконкагуа (6960 м). Кордильеранын бүт системасы экиге бөлүнөт – Түндүк Америка Кордильерасы жана Түштүк Америка Кордильерасы же Анд тоолору. Тоо пайда болуу процесстери Түндүк Америкада юра мезгилинде, Түштүк Америкада бор мезгилинин аягында башталган жана башка материктердеги тоо пайда болуу процесстери менен тыгыз байланышта болгон (мисалы, Альп бүктөлүүсүнө).

Кордильера тоолору.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү