Корооло - Ай же Күндүн тегеректеп турган ачык түстөгү алкак (тегеректин ички бөлүгү кызгылт, сырты көгүш же жашыл болушу мүмкүн).

Ага карап, кыргыздан чыккан эсепчилер аба ырайын алдын ала айта алышкан. Эсепчилер «Ай короолосо аягыңды тос, жут болбой мал тезинен сүт берет, Күн короолосо күрөгүңдү тос, кар жаап кыйынчылык болот» дешкен. Тегеректердин формасы ар түрдүү болот, кээде жарымы гана көрүнөт. Тегерек канат сымал катмарланган булуттарда алардын кристаллдык муз бөлүкчөлөрүнө Күндүн же Айдын нурларынын сынышынан пайда болот.

Ошондуктан Күндүн жана Айдын короолосу жай - салкын жана жаанчыл, кыш - салыштырмалуу жылуу же кардуу бурганак болоорун билгизет; анткени канат сымал катмарланган булуттар циклон болоорунун белгиси болуп саналат. Эгерде тегерек чоңоюп баштаса - Күн ачык, кичине болсо - бүркөк болоорун белгилейт.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2