Корсикалыктар
Корсикалыктар (өз аты corsi) — эл, Корсика аралынын негизги калкы.
Саны 300 миң адам (2011).
Тил
Расмий тили — француз. Бирок көбүнчө корсика тилинде сүйлөшөт. Ал тил италян тилинин тоскана диалектисине жакын.
Дин
Негизинен католицизмди карманышат.
Келип чыгышы
Корсикалыктардын этникалык негизин түпкү теги белгисиз корс уруулары түзгөн. Байыркы убакта аларга финикиялыктар, этрусктар жана гректер таасир эткен. Биздин доордун башында алар романдаштырууга дуушар болушкан. Орто кылымдарда Корсиканын жергиликтүү калкы византиялык гректер, готтор, франктар жана лангобарддар менен аралашкан. IX-кылымда Корсиканы арабдар басып алган. XI—XVIII кылымдарда Корсикада пизандыктар жана генуялыктар үстөмдүк кылган. 1768-жылы Корсиканы Франция басып алган. Расмий француз бийликтери корсикалыктарды француздар деп эсептешет жана аларга карата ассимиляция саясатын жүргүзүшөт. 1991-жылы Франциянын Конституциялык кеңеши «Корсика эли француз элинин ажырагыс бөлүгү» деген сөзгө тыюу салып, «теги тегине, расасына жана динине карабастан бардык француз жарандарынан турган француз эли гана бар» деп белгилеген.
Корсикалык сепаратизм
Франциянын түштүгүндө Корсиканын улуттук боштондук фронту (франц. Front de libération nationale de la Corse, корс. Fronte di Liberazione Naziunale Corsu) деген сепаратисттик кыймыл жайгашкан. Анын максаты — толук саясий көз карандысыздыкка жетүү же Корсиканын автономиясынын укуктарын кеңейтүү, өлкөнүн бийликтери тарабынан корсикалыктарды өзүнчө эл катары таануу.
Чарбачылык иштер
- багбанчылык (жүзүм, олива, каштан, цитрус);
- малчылык (эчки, кой);
- балык уулоо;
- кораллдарды жана деңиз губкаларын чогултуу.
Кол өнөрчүлүк
- токуу (себет, аркан, чийден калпак);
- шарап жасоо;
- эчки сыр өндүрүү.
Учурда туризм бизнеси Корсикада чоң мааниге ээ.
Социум
Араб басып алуу мезгилинде пайда болгон көптөгөн айылдык жана шаардык конуштар тоонун боорлорунда катар-катар тизилген. 20-кылымга чейин борборунда очогу, чатырында түтүн тешиги, короосунда нан меши бар бир камералуу турак-жайлар сакталып калган.
Үй-бүлөдө патриархалдык мамилелер узак убакыт бою сакталып келген. Үй-бүлөлүк ырым-жырымдар үзүндүлөр менен берилген. Өлгөндөрдүн сөөгү үй-бүлөлүк склептерге коюлчу.
Куда түшүү жана ритуалдык ат чабыш (үйлөнүү күндө) сакталууда. Мурда ритуалдык туугандашуу, клиентела жана кан талашуу (вендетта) кеңири таралган.
Улуттук тамак-аш
Каштан унунан (полента) кою ботко, кантталган каштандар, балык шорпосу (буйябес), кой жана эчкинин сүтүнөн жасалган сыр (боччи).
Улуттук кийим
Эркектердин улуттук кийимдерине жеңи шишик шашки көйнөк, кызыл кур менен байланган баркыт жеңи жок жилет, моюн орогуч, фригия калпагы сыяктуу баш кийим (кийин — баск береттери сыяктуу). Аялдардын улуттук кийими: узун кара көйнөк, кара жоолук.
Корсикалыктардын улуттук кийими сардин элинин улуттук кийимине жакын.
Маданият
Элдик оозеки чыгармачылыкта аялдар тарабынан өлтүрүлгөн адамдын денесинин үстүнөн аткарылган, маркумдун эмгеги саналып, өч алууга чакырган импровизацияланган кошок ырлары (вочери) өзгөчө орунду ээлеген.
Эркектердин полифониялык ырдоосу (пагджелла).
Илгерки бий формалары – караколла (аялдардын аза бийи), мореска.
Архаикалык музыкалык аспаптар – пифана (мүйүз), чиаламбелла
(үйлөмө аспап), карамуза (волынка), четера (цистра) 18-19-кылымдарда аккордеон, элдик скрипка, мандолина, гитарага алмаштырылган.
Белгилүү инсандар
- Наполео́н I Бонапа́рт
- Наполеон III
- Паска́ль Паоли́ — саясий жана аскердик ишмер, 1755-1769-жылдары Корсика Республикасынын өкмөт башчысы. Генуялыктарга жана француздарга каршылык көрсөткөн.
- Поццо ди Борго, Карл Осипович — орус аскердик жана саясий ишмери
- Анджело Мариани — француз химиги
Булактар
түзөтүү- Народы и религии мира, ред. В. А. Тишкова, М.- 1998.