Кош-Салаатопоним. Кытай манжулардын жери. Алмамбет менен Сыргак Бээжинди бет алып чалгынга бара жатканда:

Тетиги дүмпүйүп түздө көрүнгөн,

Кош-Салаа деген жер ошол.

Кебез белбоо, кең өтүк,

Кечилдин каны Коңурбай

Бекитип жаткан бел ошол,

Манас (Саякбай Каралаев, 2. 101),— деп Алмамбет бүткүл кытайдын жоо өткүс, ишенимдүү бели экенин Манаска айтат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4