Коңурат - кыргыздын эзелки урууларынын бири. Элдик санжыранын маалыматтарында Булгаачылар уруулук тобуна, айрым варианттарында оң канатка киришери баяндалып жүрөт. Этностук аталыш 13-к. белгилүү жана өз кезегинде азыркы Монголиянын аймагын байырлаган күч-кубаттуу, көп сандуу уруулардан болгон. Ошол учурдагы коңураттардын уруулук бирикмесине бир нече ири уруктар киргендиги маалым: инкирас, олкунут, каранут, кункулут. Монгол санжыраларында Көкө Теңирден тараары баяндалган коңураттар (монг. «хонкират») Чыңгыз хандын жана анын мураскорлорунун тушунда хан сарайда өзгөчө сый-урматтуу абалга ээ болушкан. Улуу каган жана анын уруулаш туугандарынын басымдуу бөлүгү коңурат кыздарына үйлөнүшкөн. Чыңгыз хандын энеси жана улуу байбичеси Бөртэ коңурат кыздары болушканы маалым. Арийне, орто кылымдардагы коңураттардын кайсыл тил тобунда сүйлөгөнү илимде алигиче тактала элек. Коңураттар 13-к. Чыңгыз хандын жеңип алуу жүрүштөрүндө өтө жигердүүлүк менен катышышкан. Бул уруу кийинчерээк Батый хан негиздеген Алтын ордонун мамлекеттик-саясий турмушунда да өзгөчө абалды ээлегендиги маалым. Н.А.Аристов Жучилердин мамлекеттик-башкаруу системасында, баш ийген элдерди башкарууда коңураттар өзгөчө укуктарды алууга жетишишкендигин жазат. Алтын Ордонун таасирлүү ханы Токтонун аялы да ушул уруудан чыккандыгы маалым. Дал ушул түзүлгөн тарыхый шарттарда баш ийген элдерге, урууларга жалпы коңурат эн тамгасы тарала баштоосу мүмкүн. Анткени бул пикирге Алтын Ордонун башкаруучу төбөлдөрүнүн (ак сөөктөрү), кийинчерээк мезгилдеги казак султандарынын уруулук белги катары ушул эн тамганы кабыл алышкандыктары далил боло алат. Учурда коңурат уруусунун өкүлдөрү Жетиөгүз, Карасуу жана башка аймактарды байырлап келишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү