Коңур-Сазтопоним. Манастын колу келе жаткандыгы жөнүндөгү кабарды Култаңдан уккан Орго кан алты доргосун өзүнө караштуу элге кабар жиберип кошун чогултканда К.-С. төмөнкүчө эскерилет:

Коңур-Саз бар, Тоңу бар

Коён, Шибен чоңу бар

Алтооң жүрүп айтыңар

Алты күндөн калбастан

Аскерин алып кайтыңар (Сагымбай Орозбаков, 2. 73),— деп буйруп жөнөтөт.

Географиялык реалияда К.-С. — азыркы Тоң районунундагы Коңур-Өлөң аттуу жер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4