Кулов Бейшеналы
Кулов Бейшеналы (1900, азыркы Чүй облусу, Сокулук району, Кызыл-Туу айылы — 1978, ошол эле жер) — малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Сокулук районундагы «Путь к коммунизму» колхозунда жылкычы болуп иштеген. Мал чарбасын өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишкен. Ленин, Кызыл Жылдыз жана 3-даражадагы Даңк ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9