Кумдак топурак
Кумдак топурак — механикалык курамында өлчөмү 0,01 ммден кичине бөлүкчөлөрү 10%тен кем (калган бөлүгү кум) болгон топурак. Чиринди азык заттары аз, ным сиңиримдүүлүгү начар, бирок сууну жакшы өткөрөт жана тузсуз келет. Кумдак топурак Кыргызстанда көп кездешет. Токой жана бадал өсүмдүктөрүн өстүрүүгө болот.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9