Кумдуу-Суу
Кумдуу-Суу — топоним. Жанаша аккан К.-С. жана Кара-Суу деген дарыялардын бир тарабына Манастын колу, экинчи тарабына Орго кандын колунун:
Желбиреп желек туу болуп,
Жер жарылган чуу болуп,
Бир жагында Кумдуу-Суу,
Эки жагы суу болуп (Сагымбай Орозбаков, 2. 79) ортодогу кургакта өткөн согушта Орго кандын колу жеңилип, өзү өлөт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4