Кумзари ( کومزاري ) — иран тилдүү эл. Омандын түндүгүндөгү Мусандам жарым аралында (Кумзари айылында) жашайт.
Саны — 5500 адам.

Кумзари
کومزاري
کومزاري
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 5500 адам
 Оман — 5000
 Иран — 500

Тили

кумзари,
араб

Дини

Ислам

Кирет

иран тилдүү элдер

Тууган элдер

лурлар, арабдар

Кумзари жана араб тилдеринде сүйлөшөт.
Ишенгендер — мусулмандар.
Балык ууло жана малчылык менен алектенишет. Малды жана деңиз азыктарды сатуу үчүн Эль-Хасаб шаарына алпарышат.
Элдин этникалык тарыхы начар изилденген. Бир версия боюнча, кумзарилер Оман жээгинде байыркы мезгилден бери отурукташкан перс балыкчыларынын урпактары. Башка версия боюнча кумзарилер Йеменден көчүп келген жана Сасанид доорунда персиянын таасири астында калган Бану Азд араб уруусунан тараган.
Айылды кумзари эли жана шиху уруусу шайлаган шейх башкарат. Көптөгөн Кумзари шейхтери Лабтиаб айылынын өкүлдөрүнө баш кошушкан.
Кумзари эркектери тойлордо жана майрамдык иш-чараларда салттуу бийлерди ("дандана") аткарышат.

Шилтемелер түзөтүү