Куралдуу көтөрүлүш (орус. Вооруженное восстание) – таптардын же социалдык катмарлардын саясий бийликке каршы, куралдуу көтөрүлүшү.
Мисалы: революция, козголоң, бунт (элдин уюшулбаган, чачыранды көтөрүлүшү), путч (аскердик диктатураны орнотуу максатында офицерлердин көтөрүлүшү).

Коомдо келишпестиктерди, карама каршылыктарды сүйлөшүүнүн, макулдашуунун жардамы менен чечүүгө мүмкүнчүлүк болбой калган учурларда, антагонисттик конфликттин негизинде келип чыгат.
Куралдуу көтөрүлүш адамзаттын тарыхында көп кездешет.
Мисалы: Спартактын куралдуу көтөрүлүш, С. Разиндин, Е. Пугачевдун – Орусиядагы куралдуу көтөрүлүш, ФранциядаЖакериянын, КытайдаТайпин көтүрүлүшү;
Париж коммуннасы, Декабристтердин көтөрүлүшү, Октябрь революциясы, Кронштаддык көтөрүлүш (1921 ж.), Гамбург көтөрүлүшү (1923 ж.), Австриядагы көтөрүлүш (1934 ж.), Египет, Ирак, Португалия, Афганистандагы улуттук-боштондук күрөштөрү ж. б. б.а. Куралдуу көтөрүлүш кул ээлөөчүлүк доордон баштап, биздин заманга чейин болуп жаткан антагонисттик карама-каршылыктарды башка жол менен чечүүгө мүмкүндүк болбогондуктан келип чыккан көрүнүш.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8