Кушчу же Кутчу уруусу – кыргыздардын сол канат тобуна кирген чоң уруулардын бири. Өз алдынча уруу катары алгач 16-к-дагы «Мажму ат-Таварих», «Тазкира-и-ходжаган» тарыхый чыг-нда эскерилет. Ал эми «Тарихи-и Рашиди» б-ча К. уруусунан чыккан эмирлердин түпкү атасы бир мергенчи болуп, ал Моголстандын ханы (1380—1399) Кызыр Кожону такай коштоп жүргөн ж-а бул уруунун экинчи аты «күкөлдөш» («кукалдаш») болгон. В. Радлов болсо кыргыздын К. (кучу) уруусу Тянь-Шан ж-а Енисей кыргыздарынын этностук байланышын аныктайт деген пикирин айткан. Кээ бир көз караштар б-ча кытай хроникаларында кезиккен нушибилердин бир уруусу «гэшуну» К. деп эсептешет. Бирок азыркы К. уруусу м-н байыркы түрк урууларын түз байланышы бар экени так аныктала элек. Башка бир пикирлер б-ча адегенде түрктөрдүн аскер наамы (кош беги) же хандын кызматчылары (кушчу – куш сала турган адам) болгон. Негизинен К. уруусу кыргыздын мундуз, кыпчак, коңурат, каңды сыяктуу уруулар м-н бирге байыркы уруулардын бири деп таанылат. К-лар этнокомпонент катары кийинки ногой, түркмөн, башкыр, өзбек, азербайжан элдеринин арасында да кезигет. Кытай маалыматтарында (мис., Пиндин Чжуньгээр фанлюэ, Сиюй чжи) К-лардын 17–18-к-да Чыгыш Түркстандын саясий турмушуна жигердүү катышканы айтылат. Генеол. уламыштар б-ча К. уруусу жоош ж-а меңдуулат деген эки бөлүкчөдөн туруп, жоош негизги үч уруу – касымсейит, төрөсейит, тынымсейит; меңдуулат таз кушчу, кара кушчу, көк кушчу, кагасты, чилжубут, шараноот, сакалды ж. б. урууларга бөлүнүшөт. К. урууларынын негизги бөлүгү Талас өрөөнүнүн баш жагында турушат. Мындан тышкары Жалал-Абад (Ала-Бука, 1-Май, Аксы жб.), Чүй (Панфилов, Жайыл, Кемин ж. б.), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Тоң, Түп ж. б.), Нарын (Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Кочкор ж. б.) обл-тарында ж-а КЭРдин Ак-Чий, Каражүл р-ндорунда жашайт. К. уруусу кыргыз элин түзгөн маанилүү этностук топ болуп эсептелет.

Сүрөттө Шараноот уруусунан чыккан Акчал Атагулов. Анын ою боюнча Кубат бий Шараноот уруусунан болот экен. Анын уруулашы Сасыкбай тарабынан Таластын Шаранооттор жашаган Кара-Ой айылына Кубат бий биздин чоң атабыз деп, Кубат бийге татыксыз эстеликти орнотушту. Илимпоздордун изилдөөлөрү төмөнкүдөй айтат. Өзүңүздөр окуп чыгып, иштин чоо-жайы кандай болуп жатканын түшүнөсүздөр.

Уруктар түзөтүү

Жоош: Чылпак, Сабатар, Кыржы, Кара-Кужур, Аман, Боочу, Каймазар, Чүрпө, Майтык, Накай, Кангелди, Тилеке, Аксак Бөрү, Сокур Бөрү, Бүргө, Жаман кыз, Акбото, Сулпия.

Мең Дуулат: Таш, Кара кушчу, Көк, Сакалды, Чалике, Чейне, Кагасты, Чилжубут, Күнчей, [[Шара Ноот, урук|Шара [[Кушчу, урук Олжоной

Ноот]].[1]

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. http://sanjyra.ru/sanjyra32.html#glava48