Кыйша-Тоо топоним. Көкөтөйдүн ашынан кийин ашты Манас өзү билип, өзү башкарды деп нааразы болгон алты кандын Манаска жиберген элчилери басып өткөн жер:

Алты азамат аттанып,

Жолго түшүп шаттанып

Кылычын кыя байланып

Кыйша-Тоо сеңирин

Кыдырып өтүп айланып (Сагымбай Орозбаков, 4. 18).

Географиялык реалияда Кашкар аймагындагы тоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4