Кылычев Эсентур Мукаевич

Эсентур Мукаевич Кылычев (02.02.1952) - Кыргызстандагы заманбап акын, котормочу, публицист, журналист, окутуучу.

Кыргыздын заманбап акыны Эсентур Кылычев. Бишкек шаары, Кыргызстан. 15.4.2013.

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

Эсентур Мукай уулу Кылычев 1952-жылы 2-февралда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын (мурдагы Тянь-Шань) районундагы Ак-Кыя айылында туулган.

1969-жылы Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 орто мектебин жана 1975-жылы Санкт-Петербургдагы (мурунку Ленинград) А.А.Жданов атындагы мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер болуп иштөө менен баштаган. Андан кийин редактор, жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары болгон.

Борбордук Азиядагы Америка университетинде, Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде  адабият, журналистика жана котормо теориялары боюнча дарстарды окуп келет.

 
Тарыхчы Акылбек Мукаевич Кылычев. 04.2.2012.

Бир кыз, бир уулдун атасы.

Э. Кылычевдин бир тууган иниси - тарых илимдеринин доктору, дипломат, иранист Акылбек Кылычев.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Эсентур Кылычев 1970-жылы “Кыргызстан студенттеринин  жазы – 71” чыгармачылык искусство фестивалынын I даражадагы Диплому, БЛКЖС жана ЛКЖС БКнын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак Грамоталары, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги төш белгиси, Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын Калем” Диплому, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин  Медалдары (2019, 2022) менен сыйланган. Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.

Кыргыз Республикасынын Ардак  Грамотасынын (1991), КР Жогорку Кеңешинин “Ыраазычылык Катынын” (2022) ээси.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.


"Обон" гезитинин кабарчысы Айнура Султановага берген жообунан түзөтүү

"...Менин адабиятка аралашып калганыма эмнелер таасир этти? Албетте, биринчи кезекте сөздүн баркын түшүнүп, сөздү ыйык тутушкан ата-энем. Атам, Нарын өрөөнүндөгү белгилүү агартуучулардын бири Кылычев Мукай да бир учурда чыгармачылыкка ынтызарланып, ыр жазып жүргөнүн билбептирмин. Кийинчерээк эски гезиттерди карап жүрүп таап алып, кызыгып окуганым эсимде.

Апам болсо китеп-кагазга өтө аяр мамиле жасаган киши эле.

Эли- журтубузга таанымал акын Абдрасул Кылычевдин кол жазмаларынын бир барагын да жоготпой сактап жүргөн, кийин адабий, тарыхый мурастар туурасында мен кичине түшүнүп калган кезде ошол кагаздарды мага ишенип берген. Андан сырткары мектепте, үйдө окутуп тарбиялаган апам Сукайдын таасири да чоң болду.

Анан мен туулуп өскөн жер, анын өзгөчө сулуулугу, кооздугу. Сооронбай Жусуев агабыз жазгандай "акындар гана төрөлчү..." жердин таасири. Айлымдан чыккан Арстанбек, Абдрасул, Эсенгул, Байтемир сыяктуу акындардын таасири....

Мени биринчи класстан тартып окуткан, биринчи класстар үчүн "Эне тилдин" автору Көчөк Байбураев агайымдын, Аюпова эжейимдин, жогорку окуу жайларда билим берген,  дүйнөгө белгилүү адабиятчы-окумуштуулар Е.К.Озмитель,Г.П. Макагоненко, Г.А. Бялый ж.б., кыргыздын атактуу акын-жазуучуларынын, Айтматовдун, Чыгыш поэзиясынын, 19-кылымдагы орус классикасынын, 20-кылымдагы Латын Америкасынын адабиятынын, дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын, суфизмдин, дзен-буддизмдин ж.б сөзсүз чоң  таасир берди".


(Маек  2008-жылдын 14-октябрында жарык көргөн).

Адабий чыгармачылыгына сереп түзөтүү

 
Акын Эсентур Мукаевич Кылычев. Бишкек ш. 15.04.2012.

Акын Эсентур Мукаевич Кылычев. Бишкек ш. 15.04.2012.

“Ала Тоо” журналында эмгектенген 25 жылдан ашуун мезгилди Эсентур КЫЛЫЧЕВ “Ала Тоо” журналынын көркөм-идеялык деңгээлинин жогорулашына арнаган. Анын жеке демилгеси жана түздөн-түз катышуусу менен журналда “Дүйнөлүк адабияттын казынасынан”, “Ысык-Көл форуму”, “Жаңы котормо”, “Нобель сыйлыгынын лауреаты”, “Адабий мурас” сыяктуу жаңы рубрикалар пайда болуп, окуучулардын зор кызыгуусуна ээ болгон. Ошол эле мезгилде ал журналдын полиграфиялык сапатынын жакшырышына да көп күч жумшаган.

Ал белгилүү тарыхчы-илимпоздор Л.Гумилев, Е. Кычанов, А. Малявкин ж.б менен байланышта болуп, алардын кыргыз элине, анын тарыхына жана маданиятына арналган баалуу материалдарын өз котормолорунда окурмандарга сунуш кылган.

Кыргыз басма сөз беттеринде алгачкылардан болуп жарык көргөн И.П. Ювачевдин Курманжан датка жөнүндөгү унут калган очеркин, Ю.Худяковдун “Кыргыздар Борбордук Азия мейкиндигинде” аттуу көлөмдүү материалын которуп жарыялоо да Эсентур КЫЛЫЧЕВДИН калемине таандык. “Ала Тоо” журналынын “Улуу манасчы Сагымбай”, “Үркүн”, “Шабдан баатыр”, “Кыргыз санжырасы” сыяктуу адабий-көркөм жана тарыхый тиркемелерин, ошондой эле кыргыз окурмандарына кеңири белгилүү “Кыргыздар” китебин чыгарууга да өз салымын кошкон. “Аялзатка таазим”, “Учкун”, Айтматов Фондусунун “Алманын мөмөлөрү” ж.б. көптөгөн китептердин түзүүчүсү жана редактору.

Ал кыргыз окурмандарын дүйнөлүк адабияттын жана философиянын мыкты үлгүлөрү менен тааныштырууда тынбай иш жүргүзүп келет. Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын биринчи лауреаты, француз акыны Сюлли Прюдомдун ырлары да кыргыз тилине Эсентур КЫЛЫЧЕВ тарабынан биринчи которулуп жарыяланган. Анын “Дагы бир ирет Нобель сыйлыгы тууралуу”, “Сюлли Прюдом, же жылт этип өчкөн жылдыз”, “Теодор Моммзен, же Рим тарыхы”,”Орхон Памук, же түрк тилдүү адабияттардын Чолпон жылдызы” ж.б. макалалары жарык көргөн.

Эсентур КЫЛЫЧЕВ окурмандар жана адабий коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган поэтикалык жыйнактардын, көптөгөн ыр түрмөктөрүнүн автору. Кыргыз поэзиясын Россия, Румыния, Түркия, Украина, Грузия, Тажикстан ж.б. өлкөлөрдө татыктуу деңгээлде көрсөтө алган. Ырлары чет тилдерге которулуп, альманахтарга, антологияларга киргизилген.

Эсентур КЫЛЫЧЕВ көркөм котормо жаатында да үзүрлүү иштеп келет. Кыргыз тилине анын котормосунда Ясунари Кавабатанын, Корней Чуковскийдин, Николай Рерихтин, Василий Шукшиндин, Владимир Тендряковдун, Сенгийн Эрдененин, Йордан Милевдин ж.б. көптөгөн акын-жазуучулардын чыгармалары жарык көргөн.

Жогорку окуу жайларында кеңири белгилүү Ж.Т.Тощенконун “Социология” аттуу окуу китебинин жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары үчүн окуу-усулдук курал болгон “Жарантаануу” аттуу окуу китептеринин кыргызча котормосу да Эсентур КЫЛЫЧЕВ тарабынан ишке ашырылган.

Эсентур Кылычев тарабынан даярдалып, которулуп жана редакцияланып, 2010-жылы жарык көргөн “Эр Төштүк”, “Олжобай баатыр менен Кишимжан сулуу баяны”, “Кожожаш мерген баяны”, “Манастын бала чагы”, “Манас – кыргыздардын улуу каны”, “Кыргыздардын кереметтүү жомоктору”, “Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор”, “Сыйкыр таш”, “Алдар-Көсөөнүн жоруктары. Апенди тууралуу жомоктор” сыяктуу китептердин 2000 нускасы Республиканын мектептерине жана китепканаларына бекер таратылып берип, азыр мектеп окуучуларынын жана жаш бөбөктөрдүн сүйүп окуган китептерине айланып калды.

КТРКнын телекөрсөтүүсүндө “Дүйнөлүк поэзия берметтери” аттуу берүүлөрдүн түрмөгүн уюштурган жана алып барган. “Кыргыз Энциклопедиясынын” 1- жана 2-басылыштарындагы дүйнөлүк адабият тармагында жазылган көптөгөн макалалардын автору.

Коомдук ишмердиги түзөтүү

Эсентур КЫЛЫЧЕВ Улуттук Кыргыз Энциклопедиясынын, “Адабий Ала Тоо” жумалыгынын редакциялык Кеңешинин, Борбордук Азия ПЕН клубунун мүчөсү.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Эсентур Кылычев 1970-жылы “Кыргызстан студенттеринин  жазы – 71” чыгармачылык искусство фестивалынын I даражадагы Диплому, БЛКЖС жана ЛКЖС БКнын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак Грамоталары, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги төш белгиси, Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын Калем” Диплому, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин  Медалдары (2019, 2022) менен сыйланган. Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.

Кыргыз Республикасынын Ардак  Грамотасынын (1991), КР Жогорку Кеңешинин “Ыраазычылык Катынын” (2022) ээси.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде

Үндөр: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 57 б.

Жашыл шоолалар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 56 б.

Нарын облусу: Энциклопедия. («Адабияты» макаласынын автору). – Б.: КСЭ, 1998. – 86-89 б.

Орус тилинде

Антология кыргызской поэзии. – Б.: Кыргызстан-Сорос фонду, 2000. - 2 т. – 528 б.

Радуга над горами. Фотоальбом. (Автор текста). – Ф.: Кыргызстан, 1986.

КОТОРМОЛОРУ:

Носов Н. Дина чоң эне. – Ф.: Мектеп, 1976. – 16 б.

Милев Йордан. Ленин жарыгы. – Ф.: Мектеп, 1979. – 48 б.

Тендряков В. Ф. Жазгы үйөр. – Ф.: Мектеп,1981. – 92 б.

Погодин Р. Кулун Миша менен чычкан Терентий туурасында. – Ф.: Мектеп, 1984. – 40 б.

Вангели С. С. Туртурикалык Чубо. – Ф.: Мектеп, 1985. – 152 б.

Чуковский К.И. А.П. Чехов, И.Э. Репин. – Ф.: Мектеп, 1982. – 220 б. (которгондор О.Ибраимов, Э.Кылычев).

Тощенко Ж.Т. Социология. – Б.: КСЭ, 1997. – 396 б. (которгондор К.Исаев, Э.Кылычев).

Гандинин сөздөрүнөн. – Б.: БГУ, 2000. – 80 б.(түзгөн жана которгон Э. Кылычев).

Жарантаануу. – Б., Альбино, 2009. – 276 б.

Эр Төштүк. – Б., “Раритет”, 2010. – 55 б.

Кожожаш мерген баяны.  – Б., “Раритет”, 2010. – 50 б.

Манас – кыргыздардын улуу каны. – Б., “Раритет”, 2010. – 55 б.

Алдаркөсөө менен Апендинин жоруктары. – Б., “Раритет”, 2010. – 50 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү