Кыргызстандагы жылуулук режими

Кыргызстандагы жылуулук режимиКыргызстандын аймагында абанын температурасынын таралышы ар бир жердин абсолюттук бийиктигине жана рельефтин тилмеленишине байланыштуу. Абсолюттук биййктиктин таасири өзгөчө жылдын жылуу мезгилинде бардык жерде улам бийиктеген сайын температуранын төмөндөгөнү жакшы байкалат.

Кыштын күнү абанын температурасынын жер бетинде таралышы, бийиктик жана кеңдик боюнча эмес рельефтин формаларына көз каранды. Төмөнкү температуралар Ички Тянь-Шандын туюк өрөөндөрүндө Алай, Чаткал жана башка четки өрөөндөрдө байкалат. Анткени муздак аба рельефтин ойдуң, чуңкур жерлеринде топтолуп, андан ары муздашына шарт түзүлөт. Тоо капталдарынан болсо муздак аба эңкейишти карай агып, эркин атмосферанын аба массалары төмөндөп алардын ордуна толтурат жана бул процесс адиабатикалык жылынууга алып келет. Натыйжада Кыргызстандын өрөөндөрүндө температуралык инверсия пайда болот. Инверсия учурунда өрөөндүн таманынан бийиктеген сайын температура жогорулайт. Бийик тоолуу Ак-Сай өрөөнүн Кыргызстандагы «сууктун уюлу» деп атаса болот. Мында температуралык инверсиянын эсебинен өрөөндүн таманында жайгашкан Ак-Сай метеорологиялык станциясында январдын көп жылдык орточо температурасы -28°С, ал эми 1953-ж. январда бул жерде Кыргызстандын аймагында катталган эң төмөнкү температура -53,6°С байкалган. Тоо арасындагы өрөөндөрдө кыш суук жана туруктуу аяздуу күндөр басымдуулук кылат. Бийик тоолуу өрөөндөрдө кышында кары калын жана ызгаардуу. Четки өрөөндөрдө жана 1000 м ге чейинки жапыз тоолордо январдын температурасы -5°С дан -10°С ге чейин, Түштүк Кыргызстанда-3°С дан -5° С ге чейин, Ички Тянь-Шандын өрөөндөрүндө -10°С дан төмөн температуралар да байкалат. Ысык-Көл өрөөнүндө көлдүн таасиринен январдын температурасы -2° С ге чейин гана төмөндөйт. Жаз мезгили эреже катары жылуу, кыска мөөнөттүү, бирок сууктун кайталанышы, кээде үшүктүн жүрүшү мүнөздүү. Түздүк талааларда жана жапыз тоолордо жаз эрте келет, улам жогорулаган сайын ички өрөөндөргө кечирээк келет.

Жай мезгили Кыргызстанда узагыраак жана ысык, чоң өрөөндөрдө (Чүй, Фергана) аптаптуу кургакчыл, тоолордо жаанчыл. Жайдын эң ысык айы июлдун температурасы түздүктөрдө жана 1000 м ге чейинки жапыз тоолордо 22—25°С, Ош тарапта 24— 28° С ге чейин жогорулайт. Тоолордо (3000 м чейин) июлдун орточо көп жылдык температурасы 10°С ден 17°С ге чейин. Ысык-Көлдүн жээгинде июлдун температурасы 16 С—18 С.

Күз айлары жылуу болуп, туруктуу ачык күндөр үстөмдүк кылат. Аягы кескин муздак аба ырайы менен алмашып, жаан-чачындуу боло баштайт. Сентябрь айы жайкы айлардан айырмаланбайт. Октябрь айынын башы деле жылуу, анын экинчи жарымында жаан-чачындын, бүркөк күндөрдүн саны арта баштайт. Ноябрь айында кар жаап, тоолордо эрибей сакталат.
Эң жогорку максималдык температуралар Чүй жана Фергана өрөөндөрүндө байкалат жана алардын мааниси 43 — 44 С ге чейин жетет. Бөксө тоолордо жайкы температуралар 20 С, бийик тоолордо нөлгө чейин төмөндөйт.

Июлдун эң жогорку температурасы Чүй өрөөнүндө байкалат. Бийик тоолордо да жайкы абсолюттук максимум 20°С ден жогору. Ал эми эң төмөнкү температура 3616 м бийиктиктеги Тянь-Шань станциясында байкалган (Ак-Сайда андан да төмөн). Температуралардын амплитудасынын абсолюттук маанилери Бишкекте -76°С, Ошто -64,6°С, Нарында -71,6° С жана Тянь-Шань станциясында-64,3°С. Абанын температурасынын орточо айлык маанилеринин амплитудасы Бишкекте -28,2°С, Ошто -31,3°С, Нарында -34,2° С, Караколдо -22,5°С, Тянь-Шанда -25,5°С.

Климатологдордун маалыматтары боюнча жылдык орточо температуралардын амплитудалары климаттын континенталдуулугунун көрсөткүчү болуп эсептелет. Ошого жараша Кыргызстандын аймагындагы температуралык амплитудаларга талдоо жүргүзсөк, кескин контлненталдуу климат Тогуз-Торо, Кетмен-Төбө ойдуңдарында жана Ак-Сай өрөөнүндө байкалат. Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүндө мелүүн континенталдуу климат. Ысык-Көлдүн жээги айланасындагы тоолордун кырларына чейин дениз жээгиндеги климаттардын тибине кирет. Жылдык температуранын амплитудасынын эн аз мааниси Кара-Баткак мөңгүсүндө -18,3°С.

Суткалык орточо температура 0°С ден жогору болгон мөөнөт бийик тоолуу аймактарда 130 күнгө, түздүк жана жапыз тоолуу райондордо 250—310 күнгө барабар. Суткалык орточо температура 10°С ден жогору болгон эң узак мөөнөт Фергана өрөөнүндө байкалат. Ал эми Ички Тянь-Шанда ал мөөнөт Кыргызстан боюнча эң кыска. Мисалы, 10°С ден жогору температуралардын жалпы суммасы Фергана өрөөнүндө -4000 -4900°, Чүйдө -3700-4000°, Таласта -3000-3300°, Ысык-Көлдө -2500-2600°, Нарын-да -2000°, Суусамырда -1100°.